Орусияда мигранттардын балдары тил маселесинен улам көйгөйгө туш болушу ыктымал экенин 12-ноябрда "Свобода" радиосу жазды. Маалыматка караганда, Мамлекеттик Думада өкмөткө сунуштала турган токтом долбоору даярдалууда.
Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин айтып бергендей, эгер бул документ колдоо тапса, мигранттын баласын мектепке кабыл аларда орус тилин билген-билбегенин текшеришет. Эгер тийиштүү деңгээлде орус тилин билбей турганы аныкталса, кабыл алынбайт.
Мектепке кабыл аларда мигранттын баласынын Орусиянын аймагында жүрүүсү канчалык мыйзамдуу экени да текшерилет, аны орус тилинен милдеттүү түрдө тесттен өткөрүшөт.
Токтом долбоорун депутаттар 20-ноябрдагы отурумунда караганы жатышат.
Орусия президенти Владимир Путин мигранттардын орус тилин билбеген же начар билген балдары менен иштөө алгоритмин даярдоо керектигин билдирген. Ошондой эле ал орус тилин жана Орусия элдерин колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу мекемесине эмгек мигранттарынын орус тилди билүүсүнө карата коюлуучу талаптарды аныктоону буйруган.
Cоңку расмий маалымат боюнча, Орусияда 400 миңдей кыргызстандык мигрант бар. Согуш башталгандан бери мекенине кайткандар көбөйдү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин буга чейин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан. (RK)
Дагы караңыз
Трамп Ак үйдө иштей турган жаңы команда мүчөлөрүн жарыялоодоОшто чоңойгон Володя: "Акча үчүн согушка барбагыла"Абактагы ишкер Ташов кыйноого кабылганын айтып, Башкы прокуратурага кайрылдыПутин Түндүк Корея менен кызматташтык боюнча мыйзамга кол койду