Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

Абактагы ишкер Ташов кыйноого кабылганын айтып, Башкы прокуратурага кайрылды


Имамидин Ташов Биринчи май райондук сотунда. 29-октябрь, 2024-жыл.
Имамидин Ташов Биринчи май райондук сотунда. 29-октябрь, 2024-жыл.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, абактагы Имамидин Ташов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бир нече кызматкери кыйноого алганын маалымдап, Башкы прокуратурага кайрылды. Ташовдун 5-ноябрда жазылды деп колу коюлган катынын көчүрмөсүн адвокаты Самат Матцаков "Азаттыкка" жиберди.

Катта ишкер УКМКнын бир нече кызматкери 2023-жылы декабрь айында жана быйыл июнь айында издөөдө жүргөн Тилекмат Күрөңов менен телефон аркылуу байланышууга мажбурлашканын, кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлтүрүүгө буйрук бергенин видео камерага айтып берүүсүн талап кылып кыйнаганын белгилеген.

Кыйноо көрсөттү деген кызматкерлердин аты-жөнүн жазып, Башкы прокурордон аларды жазалоону суранган.

Бул кайрылуу тууралуу атайын кызмат комментарий бере элек.

Ташовдун УКМК кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганы тууралуу апасына жазган каты 29-октябрдагы соттон кийин коомчулукка жарыяланган.

УКМК ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылгандыгы чындыкка дал келбесин билдирген.

30-октябрда ишкер атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Адвокаты Самат Матцаков анын курсагынын эки жери кесилгенин билдирген. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган.

1-ноябрда Ташовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков ал УКМКнын тергөө абагынан Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганын билдирген.

Атайын кызмат Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG