Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Трамп Ак үйдө иштей турган жаңы команда мүчөлөрүн жарыялоодо


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн болочок администрациясынын жаңы мүчөлөрүн тандап, мамлекеттик катчы кызматына Флоридадан сенатор Марко Рубиону жарыялаганы жатат. Бул тууралуу америкалык басылмалар Трамптын командасындагы булактарга таянып жазышты.

53 жаштагы Рубио Кошмо Штаттардын тышкы саясатынын көрүнүктүү тарапташтарынын бири жана Кытай, Иран, Куба сыяктуу авторитардык режимдердин катуу сынчысы.

Трамптын биринчи мөөнөтү учурунда АКШнын Миграция жана бажы полициясынын директору болуп иштеген 62 жаштагы Том Хоман чек ара үчүн жооптуу болорун жаңы президент өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө жазган.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Нью-Йорктон мүчөсү, 40 жаштагы Элиз Стефаник АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү болуп дайындаларын Трамп New York Post басылмасына билдирди.

Ак үйдүн маалыматына караганда, бул аптада Трамп президент Жо Байден менен жолугат. Иш мөөнөтү жыйынтыкталып жаткан мамлекет башчы жаңы шайланган жетекчи менен жолугушуусу АКШда салтка айланган жараян. Жолугушуу 13-ноябрга пландалууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG