Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Путин Түндүк Корея менен кызматташтык боюнча мыйзамга кол койду


Владимир Путин жана Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ын.
Владимир Путин жана Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ын.

Орус президенти Владимир Путин Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 10-ноябрда "Свобода" радиосу жазды.

Быйыл июнда Путин Түндүк Кореяга барганда кол коюлган келишим бир нече күн мурда парламентте жактырылган.

Бул орток документте жазылгандай, эгер бири куралдуу кол салууга кабылса, экинчиси тез арада аскердик же башка жардамын берүүгө милдеттүү болот, үчүнчү өлкөлөр менен экөөнүн бирине залака тийгизиши ыктымал келишимдерге кол койбойт.

Украина, Батыш өлкөлөрү жана НАТО Орусияга Түндүк Кореядан он миңдеген аскер келгенин, Москва аларды Украинага каршы согушка салууну көздөп жатканын билдирген.

Украина орус бийлиги чек арадагы Курск облусуна кеминде 10 миңдей түндүк кореялык аскерди алып барганын, ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө алар менен биринчи кагылышуу болгонун 6-ноябрда билдирген. Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес болууда.

Москва менен Пхеньяндын ортосунда бекемделип бараткан аскердик кызматташтык аймактык гана эмес, глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратарын 29-октябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл белгилеген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG