Молдова Орусияны "агрессияга" айыптады

Молдова. Орусиялык дрон. 2024-жылдын 10-ноябры.

Молдованын Тышкы иштер министрлиги орусиялык учкучсуз учактар бул өлкөнүн аба мейкиндигине кайрадан бузуп киргендиги үчүн Кремлди "агрессияга" айыптады. Мекеменин 10-ноябрдагы расмий билдирүүсүндө:

"Биз бул агрессивдүү басып кирүүнү чечкиндүү түрдө айыптайбыз жана Орусиянын Украинага каршы ырайымсыз согушун айыптообузду дагы бир жолу билдиребиз", - деп айтылды.

Жекшемби күнү Орусиянын согуштук эки дрону Молдованын аймагына кирип, ошол жактан талкаланганы кабарланган. Учактардын бирин полиция өлкөнүн түндүгүндөгү Боросений Ной кыштагынан, Украина менен чек арадан болжол менен 45 чакырымдык жерден тапкан. Ал эми экинчиси түштүктө, чек арадан 40 чакырым аралыкта жайгашкан Фирлэден кыштагынын аймагынан табылган.

Экөө тең "жалган" дрон экени, орус тарап аларды Украинаны аткылаганда бул өлкөнүн абадан коргонуу системаларын адаштыруу үчүн колдонгону белгиленди.

Орусия Украинага каршы согуш ачкан 2022-жылдын февралынан бери Молдованын аймагында ушуну менен орусиялык учкучсуз учактар боюнча 15 окуя катталды. (RK)

Дагы караңыз

Трамп Путин менен сүйлөшүп, согушту күчөтпөөгө чакырганы кабарландыДепутат Ормонов дарыгерди жумушка бир ставка менен гана алууну сунуштадыКыргызстанда ушул тапта 20 оорукана курулуп жататТегеранда Саудия менен Ирандын аскердик кызматташтыгы талкууланды