Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

Депутат Ормонов дарыгерди жумушка бир ставка менен гана алууну сунуштады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов дарыгерлерди төмөн ставкалар менен жумушка алууга чектөө киргизип, алардын айлык акысын көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу 11-ноябрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү.

“Кырсык болуп Улуттук госпиталга барып калсам, дарыгерлер мени өздөрү чакырып кагаздарын көрсөтүштү. Колуна тийген айлыгы 11-12 миң сом. Көрсө, алар 0.5 ставка менен иштейт экен. Аймактарда дарыгерлер жетишпей жатса, аларды ким 0.5 ставка менен жумушка алып жатат? Андан көрө бир ставка менен жумушка алып, жогору айлык менен иштесин. Мындай ыкманы жок кылышыбыз керек”, - деди Ормонов.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай дарыгерлер тааныш аркылуу 0,5 жана 0,25 деген ставкалар менен жумушка алынып жатканын билдирди. Министр эми дарыгерлердин баары бир ставка менен иштөөгө өтө турганын тактады.

Сентябрда министр Бейшеналиев Кыргызстанда өлкө боюнча 5500 дарыгер жетишпей турганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча жарлыкка 1-июлда кол койгон. Документке ылайык, 1-сентябрдан тарта дарыгерлер персоналынын маяналары 50% чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20% чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларын маяналары 10% чейин жогорулатылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG