Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:08

Кыргызстанда ушул тапта 20 оорукана курулуп жатат


Талас облустук ооруканасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Талас облустук ооруканасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул тапта 20 оорукана курулуп жатат, алардын курулушу бир жыл ичинде аягында чыгат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде депутат Ырысбек Атажановдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Министр бул ооруканалардын ишке кириши менен бейтаптар үчүн орун жетишсиздиги жоюларын бекемдеди. Бейшеналиевдин сөзүнө караганда, аймактардагы дарыгерлер 80-100 миңдин айланасында айлык алышууда.

"Аймактардагы дарыгерлердин маяналары 80 миңден 100 миң сомго чейин көтөрүлдү. Биз азыр Бишкек жана Ош шаарларындагы дарыгерлердин айлык акысын көтөрүү маселесин Министрлер кабинетине сунуштап жатабыз", - деди министр.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 11-ноябрда "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" деп аталган мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды. Ага ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө уруксат берилбейт.

Саламаттык сактоо министри Каарманбек Байдавлетовдун 11-ноябрда депутаттарга берген маалыматында, ушул тапта өлкөдөгү төрт мамлекеттик оорукананын жетекчисинин жеке клиникалары бар. 88 бөлүм башчы коммерциялык медициналык мекемелерде иштешет.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG