Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:04

Трамп Путин менен сүйлөшүп, согушту күчөтпөөгө чакырганы кабарланды


Дональд Трамп жана Владимир Путин. Архив сүрөт. 2018-жыл.
Дональд Трамп жана Владимир Путин. Архив сүрөт. 2018-жыл.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, Украинадагы согуш маселесин талкуулаганын 10-ноябрда Washington Post басылмасы Трампка жакын булактарына таянып жазды.

Сүйлөшүү 7-ноябрда, Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон байланышкандын эртеси болгону, ал Путинге Украинадагы абалды күчөтпөө керектигин айтканы жана согушту тезирээк токтотуу тууралуу мындан аркы да сүйлөшүүлөргө кызыкдарлыгын билдиргени маалымдалды.

Басылма билдиргендей, Киев Трамптын Путинге телефон чалуусу тууралуу кабардар болгон жана каршылыгын билдирген эмес.

Путин Трамптын шайлоодогу жеңиши менен бир күндөн кийин бейрасмий гана куттуктап, аны менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген.

Трамп эгер жеңсе Украина маселесин тез арада чече аларын айткан. Путин анын атаандашы, демократтардын талапкери Камала Харрис жеңсе деп ойлой турганын сентябрда билдирген, бирок байкоочулар муну менен ал Трамптын жеңишине үмүттөнүп жатканын байкатпоого аракет кылганын белгилешкен.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылы февралда ачкан. Украина фронттогу азыркы абалын оор деп мүнөздөөдө. 9-ноябрда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский кырдаалды "оор жана курчуган" деп атады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG