Орусия Курск облусундагы Украина ээлеп алган аймактарын кайтарып алуу максатында чабуул жасоо үчүн түндүк кореялык жоокерлер менен кошо 50 миңдей аскер чогултту. Бул тууралуу The New York Times гезити жекшембиде АКШ жана Украинадагы булактарына таянып билдирди.
Америкалык аткаминерлердин жаңы маалыматтарына караганда, Орусия бул кадамы менен Украинанын чыгышынан аскерлерин алып кетпөө аракетин көрүүдө. Ошол эле учурда Москва Украинага бир учурда бир нече багыттан басым жасоону көздөөдө деп жазылган макалада.
Украин бийликтери болсо Курск аймагында Түндүк Корея күчтөрүнүн катышуусунда Орусиянын ири чабуулун күтүп жатышканын билдирген.
Макаладагы маалыматтарга ылайык, ушул тапта түндүк кореялык аскерлер орус армиясы менен чогуу Курскинин батыш тарабында машыгууда. АКШ Коргоо министрлигинин өкүлдөрү түндүк кореялык жоокерлер орус аскерлеринин формасын кийип, Москвадан жиберилгени менен өздөрүнүн бөлүктөрүндө согушарын билдиришүүдө.
Пентагондун өкүлдөрү Орусия түндүк кореялык жоокерлерди артиллерияны, жөө аскерлердин согуштук тактикаларын, траншея тазалоого үйрөтүп жатканын белгилешип, бул даярдыктан улам алар Украинанын бекемделген коргонуучу позицияларына чабуул коюусу ыктымалдыгын түкшүмөлдөшкөн.
Вашингтон Пхеньян Орусиянын армиясын колдоо үчүн 10 миң аскерин жибергенин маалымдаган. Украина, Батыш өлкөлөрү жана НАТО Орусияга Түндүк Кореядан он миңдеген аскер келгенин, Москва аларды Украинага каршы согушка салууну көздөп жатканын билдирген.
Украина орус бийлиги чек арадагы Курск облусуна кеминде 10 миңдей түндүк кореялык аскерди алып барганын, ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө алар менен биринчи кагылышуу болгонун 6-ноябрда билдирген. Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес болууда.
Орус президенти Владимир Путин 9-ноябрда Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. "Свобода" радиосу жазгандай, келишимге ылайык, эгер бири куралдуу кол салууга кабылса, экинчиси тез арада аскердик же башка жардамын берүүгө милдеттүү болот, үчүнчү өлкөлөр менен экөөнүн бирине залака тийгизиши ыктымал келишимдерге кол койбойт.
Дагы караңыз
Боррел Украинаны "чексиз" колдоо убадасын бердиПутин Түндүк Корея менен кызматташтык боюнча мыйзамга кол койдуЖМК: Трамп Киев менен Москвага "буфердик зона" түзүүнү сунушташы мүмкүн "Талибан" биринчи жолу БУУнун климаттык конференциясына катышатКыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 4 миллиондон ашты