Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Боррел Украинаны "чексиз" колдоо убадасын берди


Жозеп Боррел Киевде. 2024-жылдын 9-ноябры.
Жозеп Боррел Киевде. 2024-жылдын 9-ноябры.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел 9-ноябрда Киевге барып, украин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү жана Евробиримдиктин колдоосу мурдагы бойдон экенин билдирди.

"Бизден көбүрөөк жана тезирээк аракет талап кылынууда. Көбүрөөк аскердик колдоо, машыктыруу, каражат. Мунун баарын тезирээк жөнөтүү зарыл. Мындан тышкары каршылаштын өзүнүн аймагындагы объектилерди бутага алууга уруксат берүү керек. Учуп келаткан жебени токтотуу жетиштүү эмес, ошол жебени учурган жаага сокку уруу керек", - деди ал.

10-ноябрда дрон соккусуна кабылганын Украина да, Орусия да билдиришти. Орусияда борбор калаа Москва бутага алынганы кабарланып, 32 учкучсуз учактын чабуулунан улам жарандык учактардын учуу коопсуздугун камсыздоо максатында ири үч аэропорт – "Шереметьево", "Домодедово" жана "Жуковский" ишин убактылуу токтото турууга мажбур болду. Учактарды кабыл алуу жана учуруу иши бир нече сааттан кийин калыбына келтирилди. Дрон сыныктары түшкөн кээ бир жерлерде өрт чыкканы кабарланды. Согуш башталгандан бери Москва мындай көп сандагы учкучсуз учак чабуулуна биринчи жолу кабылышы.

Бул жолу адаттагыдан көп дрондун соккусуна кабылганын Украина да кабарлады. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия жекшембиге караган түнү жана эртең менен 145 учкучсуз учак учурду, аскерлер анын 62син гана атып түшүрүүгө үлгүрүштү. Бир нече адам каза болгону, үйлөр жана башка имараттар талкаланганы маалымдалды.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия аёосуз чабуулдарын улантып жатканын, өлкөсү Батыштагы өнөктөштөрүнүн жардамына муктаж экенин 9-ноябрда кезектеги кечки кайрылуусунда айтты. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG