Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

ЖМК: Трамп Киев менен Москвага "буфердик зона" түзүүнү сунушташы мүмкүн


Трамп Украина менен Орусиянын согушун кыска мөөнөттө токтотуп кое аларын айтып келген.
Трамп Украина менен Орусиянын согушун кыска мөөнөттө токтотуп кое аларын айтып келген.

АКШда жаңы шайланган президент Дональд Трамп Украина менен Орусиянын ортосунда "буфердик аймак" түзүүнү сунушташы ыктымал. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы Трамптын айланасындагы булактарга шилтеме кылып жазды.

Ал планда фронттун азыркы тилкеси сактоо, Киевдин НАТОго алдыңкы 20 жылда кошулбоо тууралуу макулдугун алуу каралган. Вашингтон анын ордуна Украинага ири өлчөмдө курал-жарак берет жана Орусиянын мындан ары согуш баштоосуна жол бербейт. АКШ буфердик аймакты күзөтүүгө аскер жөнөтпөйт жана бул долбоорду каржылабайт.

Киев менен Москва бул план тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Трамп эгер дагы президент болуп шайланып калса, Украина менен Орусиянын согушун 24 сааттын ичинде токтотуп кое аларын бир канча жолу билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путин Трампты жеңиши менен телефондон куттуктаган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШдагы ант берүү аземине чейин Путиндин Трамп менен сүйлөшүүсү ыктымалдыгын четке каккан эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG