Тажикстанда Кыргызстандан ташылып барган көмүр былтыркыга салыштырмалуу бери дегенде 30% кымбаттады. Бул тууралуу “Озоди” радиосу ишкерлер берген маалыматка таянып кабарлады. Ага ылайык, учурда кыргыз көмүрүнүн бир килограмы 4 сомони 30 дирамдан сатыла баштады. Былтыр болсо мындан бир сомониге арзан болгон. Учурда Кыргызстандан көмүр Тажикстанга Өзбекстан аркылуу ташылып жатат.
"Озодинин" билдиришинче, коңшу өлкөдө өздөрүндө өндүрүлгөн көмүргө караганда Кыргызстандыкы бааланат.
Чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин, 2021-жылы Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги август айында быйыл 4,6 миллион тонна көмүр өндүрүү пландаштырылып жатканын билдирген.
Өлкөдөгү отуздай көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан.
Дагы караңыз
WSJ: "Роснефть", "Газпром нефть" жана "Лукойл" биригиши мүмкүн "Сосновка" бекетинде жүк ташыган машиналар өткөрүлө баштады Садыр Жапаров жаштарды добуш берүүгө үндөгөн долбоор жөнүндө айтты БШК: аралыктан добуш берүү үчүн 9050 адамдан арыз түштү Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 4 миллиондон ашты ЖМК: Трамп Киев менен Москвага "буфердик зона" түзүүнү сунушташы мүмкүн