Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

БШК: аралыктан добуш берүү үчүн 9050 адамдан арыз түштү


Архив.
Архив.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна аралыктан добуш берүүгө 9050 арыз түшкөнүн билдирди. Алардын басымдуу бөлүгү, 72% 18-35 жаштагы жарандар экенин белгиледи.

“Арыздардын эң көбү (2134) Кыргыз улуттук университетиндеги кабыл алуу пунктуна түштү. Андан кийинки орунда Каракол шаары турат, ага 1547 адам кайрылды жана басымдуу бөлүгү Кумтөрдө иштегендер”, - деп жазылган маалыматта.

Быйыл 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоодо биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулуп жатат.

17-ноябрда шайлоочу өзүнүн туруктуу каттоосу бар жерде добуш берүүгө катыша албаса, анда 1-ноябрга чейин арыз тапшырып, аралыктан добуш берүү участкасына жазылууга мүмкүнчүлүк берилген.

БШК бул үчүн Бишкекте төрт, ал эми ар бир облустун борборунда бирден добушканалар ачыларын маалымдаган.

Аймактык реформанын негизинде Кыргызстанда айыл-кыштактар ирилешип, жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда тарап, кайра шайлоо белгиленген.

Шерине

XS
SM
MD
LG