Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

WSJ: "Роснефть", "Газпром нефть" жана "Лукойл" биригиши мүмкүн


The Wall Street Journal басылмасы Орусияда бийлик "Роснефть", "Газпром нефть" жана "Лукойл" компанияларын бириктирүүнү талкуулап жатканын ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Божомолдорго караганда, "Газпром нефть" менен "Лукойл" мамлекеттик "Роснефть" компаниясынын карамагына кирет. Мунун негизинде жаңы түзүм америкалык Exxon Mobil компаниясына караганда чийки кара майды үч эсе көп өндүрүп, Сауд Арабиясынын Aramco компаниясынын кийинки эле дүйнөдөгү эң чоң экинчи компания болуп калышы ыктымал.

WSJ мындай бириктирүүдөн кийин Орусия Индия менен Кытайга кара майды кымбатыраак сатууга жетишиши мүмкүндүгүн жазды. Бириктирүү тууралуу сүйлөшүүлөрдө "Роснефтинин" башчысы Игорь Сечин негизги ролду ойноп жатканын белгиледи.

Басылманын билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөр бир канча айдан бери жүрүп жатат жана андан майнап дагы чыкпай калышы ыктымал.

Президенттин администрациясы жана "Лукойлдун" өкүлү мындай маалыматтарды жокко чыгарган. "Газпром нефть" менен "Роснефть" журналисттердин суроосуна жооп берген эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG