Дин боюнча мыйзам долбоору: Үй кыдырып, үгүт айтуу маселеси талкууда

Бишкектеги Орозо айт намазы учурунда тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду, макалага тиешеси жок.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Анда коомдук талкууга чыгарылган документке кошумча-алымчалар сунушталып, айрым тактоолор киргизилди.

Долбоор алгач быйыл августтун этегинде коомдук талкууга чыккан. Кызуу талаш-тартыштар динди жайылтуу максатында үймө-үй кыдыруу (даават) жана никабдын айланасында болгон. Ошондон кийин президент тиешелүү жетекчилер менен кеңешме өткөрүп, жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынган.

Дин аалымдары бул мыйзам азыр актуалдуу экенин айтса, айрым эксперттер мындай мыйзамды кабыл алууда дыкаттык зарыл экенин эскертүүдө.

"Дааватты эл чогулган жерлерде айткыла"

8-ноябрда президент Садыр Жапаров дин аалымдары менен жолугуп, мамлекет сунуштап жаткан "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады.

Жыйынга дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилери, Кыргызстандын муфтийи, белгилүү дин аалымдары жана эксперттер катышты. Айрым аалымдар даават, медресе жана башка темалар боюнча сунуштарын, пикирлерин айтып, мыйзамга айрым тактоолор киргизилмей болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дин саясаты: Даават, диний билим берүү, коопсуздук

Садыр Жапаров Кыргызстан “светтик мамлекет болгондон кийин дин иштерине кийлигишпей турганын, ал эми диний ишмерлер мамлекеттин ишине кийлигишпей турганын” эске салды.

Ал ошондой эле жарандар “Хизб ут-Тахрир”, “Йакын Инкар” сыяктуу экстремисттик радикал топторго кошулуп кетпеш үчүн алдын ала чара көрүш керек экенин, бул үчүн муфтияттын жана Аалымдар кеңешинин ролун бекемдөө зарыл экенин айтып, талкууга түшкөн даават маселеси тууралуу мындай пикири менен бөлүштү:

“Дааватты жоюп жатат дегендерге айтарым, даават жоюлбайт. Дааваттан биз эч жамандык көргөн эмеспиз. Тескерисинче, 90-жылдардан кийин канчалаган жарандарыбыз даават уккан соң он жолго түшкөнү тууралуу далилдер өтө көп. Ага баарыбыз эле күбө болуп келе жатабыз. Дааватты мечиттерге чогултуп алып айткыла, аш-тойлордо айткыла, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында айткыла, эл чогулган жерлерде айткыла, вотсап тайпалардан айткыла, соцтармактардан айткыла”, - деди президент.

"Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат. 8-ноябрь, 2024-жыл

Кийинчерээк президенттин маалымат кызматы “мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берет” деген маалымат таратты.

Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев жыйындан кийин Фейсбуктагы баракчасына мындай маалымат калтырган.

“Толук чечим чыга элек. Бүгүн Садыр Нургожоевич менен жолугушуу болду. Бүгүн эле эмес, эки айдан бери талкууланып жатат. Ой, сунуш-пикирлер айтылып атат. Муфтият, Аалымдар кеңеши, эксперттер, коопсуздук комитети, ИИМ – бардыгы сунуштарын айтып жатат. Дароо чечип, алып салган жок. Ошондуктан, мунун баары эске алынган орток мыйзам кабыл алынат деген үмүттөбүз. Ачык эле айтып коелу, буюрса, даават жабылбайт, муну президент да айтты. Бул да бизге сүйүнүчтүү кабар. Эл айтып атат, дааваттан жамандык көргөн жокпуз деп. Албетте тартипке салуу керек. Акырын барып жамаатташып кетип, бири-бирин мындай, тигиндей кылып... Чынында моюнга да ала билишибиз керек. Ар кайсы нерсеге бөлүнүп кетип... Жок, тартиптүү болуш керек. Тыюу салынган жок, кайсы жерден болсо да даават бериңиз, мейли... Мечиттин ичинде болобу, жамандык-жакшылыкта болобу, той-тамашаларда болобу, баарында... Үйдөн чакыруу маселеси боюнча талкуу болуп атат. Кыскасын айтканда, динге кысым жок ”, - деди ал мечитте суроолорго жооп берип жатып. Ал суроо-жооп тартылган видеосун соцтармактагы баракчасына бөлүшкөн.

Дагы караңыз "Маркумга эстелик керекпи?". Көрүстөнгө байланыштуу жаңы жарлык

Мыйзам долбоорунун таржымалы

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия сунуштаган жана быйыл 30-августта коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору 37 беренеден турат. Документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган.

Диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердик менен алектенүүгө тыюу салуу каралган.

Мындан тышкары документтин алгачкы вариантында диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй-батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталган.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралганы айтылган.

5-сентябрда президент Жапаров тиешелүү жетекчилер менен кеңешме өткөрүп, Жогорку Кеңештин кароосуна мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын киргизүү чечими кабыл алынган.

  • Азырынча мыйзам долбоордун баштапкы варианты канчалык өзгөргөнү белгисиз. Документтин толукталып, өзгөргөн варианты коомчулукка жарыяланган жок.

Президент талкууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, долбоорду дагы толуктап келгенден кийин Жогорку Кеңешке киргизүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырганы белгилүү болду.

Никаб, паранжы маселеси

Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоорунда адамдын кийими аны идентификациялоого мүмкүндүк бериши керектиги жазылган. Ага ылайык, кишинин жүзү көрүнбөгөн никаб менен паранжыга тыюу салынышы мүмкүн экени айтылган. Мындай сунуштун хижабга же жоолукка эч кандай тиешеси болбойт. Дал ушул никаб, паранжы маселеси долбоор коомдук талкууга адеп чыкканда катуу талкууга түшкөн.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) муфтийи Абдулазиз Закиров буга чейин мындай комментарий берген.

“Айрым жарандар мыйзам долбоорун толук окуп чыкпагандыктан “хижабга, дааватка тыюу салынат экен” деп бүтүм чыгарып, Интернетте туура эмес пикирлерди жазып жатат. Мыйзам долбоорунун табиятында хижабга, тагыраагы жоолукка эч кандай тыюу жок. Буга чейин аялзаты коомдук жайларда хижаб кийип, жоолук салынып жүргөн болсо мындан кийин да ошондой жүрө алышат. Анткени бул биздин өлкөдө аялзатынын Конституциялык укугу. Аталган долбоор мектеп, оорукана жана коомдук жайларда жоолукка тыюу салууну көздөбөйт деп айтууга негиз бар”, - деген муфтий.

Дин таануу боюнча эксперт, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Канатбек Мурзахалилов мыйзамды кабыл алуунун максатын коомго так түшүндүрүп, так жазуу керектигин сунуштады:

Канатбек Мырзахалилов

“Чындыгында өтө назик маселе. Себеби диний негизде чыккан кандайдыр бир түшүнбөстүк тез ырбап кетиши ыктымал. Кудай сактасын, бирок мындай нерсе чоң конфликтке же согушка алып келерин тарыхтан көрүп эле жүрбөйбүзбү. Ошондуктан ар бир талуу маселеге аяр, кылдат караш керек. Постсоветтик аймакта, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттериндеги диний кырдаалдын, ошол эле террордук, радикалдык топтордун таасири Кыргызстанда чоң. Жааматтардын ортосунда да ажырым өтө чоң. Диний билим берүүгө байланыштуу маселелер да оркоюп чыгып калган. Диндер аралык мамиледе да кемчиликтер бар. Ал эми диний эркиндикти чектөө деген маселе жок. Бул жерде диний маселелерди иретке келтирүү деген гана нерсе”.

Учурда иштеп жаткан мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Аалымдар кеңешинин мүчөсү, бир күн мурунку жыйынга катышкан Самаган Мырзаибраимов азыркы мыйзам учур талабына жооп бербей калганын айтты:

Самаган Мырзаибраимов

“2008-жылдан бери дин тармагы да, адамдардын көз карашы да өзгөрдү. Коомдук айырмачылыктар арбыды. Мыйзамдын кабыл алынышы менен үч багытта иштер жөнгө салынганы атат. Биринчиден, диний билим берүү бир системага түшүп атат. Экинчиден, диний уюмдар менен иштешүү жана үчүнчүдөн, дин эркиндигине байланыштуу маселелер”, - дейт Мырзаибраимов.

Билим берүү жана дин

Диний билим демекчи, сунушталган мыйзам долбоорунда диний окуу жайларында билим берүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныктай турганы жазылган. Ошондой эле диний билим берүүгө байланышкан айрым беренелер булар:

- Диний окуу жайларынан тышкары, билим берүү уюмдарында диний уюмдарды түзүүгө жол берилбейт.

- Жогорку жана орто диний окуу жайларга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык, милдеттүү жалпы орто билим алгандан кийин жүргүзүлөт.

- Диний окуу жайларда диний сабактарды окуткан адамдар тиешелүү документ менен ырасталган атайын жогорку диний (руханий) билимге ээ болушу керек жана өз ишмердүүлүгүн ошол окуу жайга караштуу диний уюмдун башкаруу органы менен макулдашып жүргүзүүгө тийиш.

- Дин таануу дисциплинасын ар кандай билим берүү деңгээли үчүн жеке тартипте жана диний окуу жайдан тышкары окутууга тыюу салынат. Бул талаптарды бузгандар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү Кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Ошондой эле чет өлкөдөн диний билим алууга да талаптар күчөтүлгөн.

Башкача айтканда, жарандар чет өлкөлүк диний билим берүү мекемелеринде дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Борбордук башкаруу органы менен макулдашуу боюнча гана окуй алышат. Бул органдар кыргыз жаранына тигил же бул диний окуу жайына тиешелүү жолдомо берет. Жарандар өлкөнүн "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына ылайык, барган өлкөдөгү Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө каттоого турушат.

Эгерде чет өлкөлүк диний билим берүү мекемелеринде окуу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Борбордук башкаруу органы менен макулдашуусуз чыгып кеткен учурда, чет өлкөлүк диний билим берүү мекемелеринин диплому Кыргызстандын аймагында жараксыз деп табылат.

Мамлекет жана диний бирикмелер

Жаңы мыйзам долбоорунун дагы бир маанилүү аспектиси - дин менен мамлекеттин ортосундагы байланышты так аныктоого жана ажыратууга, ошондой эле мамлекеттин секулярдык мүнөзүн сактоого байланышкан сунуштар экени айтылууда. Башкача айтканда, долбоор динге ишенгендердин конституциялык укуктарын коргоого, ошол эле кезде мамлекеттин светтик мүнөзүн бекемдөөгө багытталганын белгиленет. Диндин мамлекет иштерине таасирин чектөө, экинчи жагынан, дин тутуунун эркиндигин сактоо максатын көздөйт деп сыпатталат.

Соңку талкууда президент Жапаров дин мамлекеттен тышкары экенин жана диний ишмерлер саясаттан оолак болушу керектигин так эскерткендей болду.

Айрым катышуучулар мыйзамда көрсөтүлгөн “жогорку диний билим алууга толук орто билим алгандар же 11-классты аяктагандар гана укуктуу” деген жобону 9-класстан кийин деп өзгөртүүнү сунушташты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов Билим берүү мыйзамында 11-класстан кийин гана деп жазылып калганын жүйө келтирип, өспүрүмдөр сабактан кийин 1-2 саат диний билим алууга укуктуу экенин белгиледи.

Долбоор алымча-кошумча менен качан кайра иштелип чыгары азырынча белгисиз. Ага кандай өзгөртүүлөр киргизилгени ал жарыялангандан кийин белгилүү болот.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.