Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

"Балдардын өмүрү менен ойногону өкүндүрөт". Диний лагерлер кантип жөнгө салынат?


"Мариям" аталышындагы диний лагерде окуган кыздар. УКМК тараткан сүрөт.
"Мариям" аталышындагы диний лагерде окуган кыздар. УКМК тараткан сүрөт.

Жайкы каникулдун башталышы менен өлкөдө мыйзамсыз иштеген диний лагерлер маселеси күн тартибине чыкты. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бир айдын ичинде Бишкекте жана башка бир катар региондордо мындай жайлар аныкталып, жабылганын билдирди.

Атайын кызмат ата-энелерге кайрылып, балдарын мындай эс алуу жайларына, диний окутууларга жөнөтөрдөн мурда текшерүү керектигин эскертип келет. Муфтият диний лагерлерге байланыштуу былтыр атайын жобо иштеп чыккан болсо да, учурда бул жобону эске албай лагерь уюштургандар тыйылбай жатат.

Жайнаган жарнамалар

Азыркы кезде айрыкча социалдык тармактарда диний лагерлерге чакырган жарналамар четтен чыгат. Адатта анда 10 жаштан 16 жашка чейинки балдар-кыздар катышса болору айтылат. Алардын бири менен байланышканыбызда үчүнчү топту окутуу ушул айдын аягында башталарын айтып беришти:

"Биздин үчүнчү агымыбыз 29-июлда башталат. Эки жумалык болот. Азыр экинчи агым менен келгендер окуп жатат. Бир чакырылышта болжол менен 30 чакты кыз болот. Баасы 10 миң сом. Лагерь 10-августта аяктайт. Анткени мектеп башталып калат да".

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы былтыр диний лагерлер, жайкы кыска мөөнөттүк балдарды окутууларга байланыштуу атайын жобо иштеп чыккан. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаевдин билдиришинче, анда бир катар талап-эрежелер, шарттар жазылган:

Максат Атабаев.
Максат Атабаев.

"Жободо Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өткөн мечиттерде же диний окуу жайларда гана уюштурулсун деп жазылган. Болгондо да ошол жайдын жетекчисинин, директорунун жоопкерчилиги астында уюштурулсун дегенбиз. Баса белгилей кетүүчү маселе - уюштуруучулар жергиликтүү казыятка кайрылып, окуу программалары болобу, шарты болобу, баарын айтып, жоопкерчиликти алышы керек. Баласын жайкы лагерге берип жаткан ата-эненин дагы арызы болушу кажет. Уюштуруучу менен ата-эне келишим түзүшү зарыл. Ошондо жоопкерчиликти эки тарап тең алат. Жободо лагерь эки түрдүү формада уюштурулсун деп баса белгилеп айтканбыз. Биринчиси - жатаксыз жана тамаксыз. Мисалы, бул жерде балдар күндүз эле, эки-үч саат окуп кетет. Үч сааттан ашпашы керек. Эгер жатып окуй турган болсо, анда бир катар шарттарды эске алуу керек. Жергиликтүү тиешелүү мекеме-уюмдар, укук коргоо уюмдары бар, ошолордун баары менен макулдашып, балдардын коопсуздугун эске алышы керек. Биз интернеттен эле кайсы бир мыйзамсыз иштеген лагерлер жабылды деп окуп, билип калып жатабыз. Анын баарын биз анализдеп териштирип жатабыз. Кээ бир адамдар муну бизнес катары көрүп алганы биздин зээнибизди кейитет. Бизнеске айлантып алып "балдарды тигил жакка, бул жакка алып барабыз" деп алардын өмүрү менен ойногону өкүндүрөт. Биз аларга айтып-эскертип келебиз. Бирок биздин дагы мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болуп жатпайбы".

Былтыр муфтияттын мындай жобосу чыккандан кийин Дин комиссиясынын каттоосунан өтпөгөн айрым уюмдар диний лагерлерин токтоткон. Алардын биринин Ахмедали аттуу өкүлү былтыркыга чейин диний лагерлерди Муфтияттын уруксаты менен уюштуруп келишкенин, коомдук уюм катары гана катталгандыктан учурда көлдө балдардын жайкы эс алуусун гана уюштуруп калышканын айтып берди:

"Азыр биздики жөн эле жайкы эс алуу лагери гана болуп калды. Биз коомдук бирикмебиз. Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, ушундай иштерди алып барганга уруксатыбыз бар. Муфтияттын жобосу чыккандан кийин биз ага толугу менен баш ийип, жөн эле жайкы эс алуу лагерлерин уюштуруп калдык. Ал жерде эч кандай диний нерселер окутулбайт. Мисалы, балдар көлгө түшөт, ар кандай оюн-зооктор болот. Бардык шарты бар, куткаруучулар, тарбиячылар болот, үч маал тамак берилет. Биз буга чейин жайкы лагерде муфтияттын, казыяттын уруксаты менен иш алып барчубуз. Муфтий болуп Замир Ракиев келип, талаптар, буйруктар өзгөргөндөн кийин биз ага дароо реакция кылдык. Азыр динди кошпой, балдардын жайкы эс алуусун гана уюштуруп калдык. Мындан ары диний лагерлерди атайын каттоодон өткөндөр гана уюштура алат дегенден кийин биз дароо диний лагерлерди токтотуп, жөн гана эс алууларды уюштуруп калдык".


Диний лагерлерге байланыштуу соңку жылдары такай маселе көтөрүлөт.

УКМК Бишкекте жана бир катар аймактарда мыйзамсыз ачылган диний лагерлер, жайкы диний окутуу уюштуруп жаткандар аныкталып, жабылганын билдирип жатат. Атайын кызмат ата-энелерге кайрылып балдарын мындай жайларга жөнөтөрдөн мурун текшерүүнү, сак болууну эскертип келет.

Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, Бишкектеги Жал кичи районундагы мечиттин имамы Фархат Юсуповдун пикиринде, азыр ата-энелер дагы талап коюп, тандап калды. Ал диний лагерлердин бирдиктүү стандарты иштелип чыгышы керек деген ойдо:

"Азыр диний лагерлерге болгон талап аябай күчтүү. Мындан төрт-беш жыл мурун диний лагерь болсо эле болду деп, ата-энелер алардын программамсын карабай, шарттарын карабай эле бере берчү. Азыр ата-энелердин дагы талабы башкача. Тийиштүү уруксат кагазы барбы, шарт түзүлгөнбү, кимдер уюштурган деген суроолорду аябай эле берип жатышат. Ата-энелер өздөрү деле кайдыгер эмес. Бул негизи өтө комплекстүү иш. Ошондуктан жалпылап отуруп алып дагы стандарттарын иштеп чыкса, буга тийиштүү мекемелер дагы жардамчы болсо, бара-бара бул бир нукка салынат. Диний лагерлерге суроо-талап жыл сайын дагы күчөйт. Себеби, билесиңер, Кыргызстанда исламдашуу күндөн күнгө күчөп баратат. Мисалы, биз былтыр биринчи жолу жобого ылайык диний легерь уюштурдук. Быйыл дагы уюштурдук. Ошол жобого ылайык, мисалы, балдар жерге жатпашы керек, шарты бар керебеттер болушу керек. Ошол имаратта Санэпидемстанциядан, Өрт өчүрүү кызматынан уруксаты болушу керек. Көзөмөл болушу керек дегенди колдойм. Анткени салттуу эмес динди балдар аркылуу жайгысы келгендер да бар".

Дин комиссиясынын түшүндүрмөсү

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жайкы диний лагерлердин жабылып жатышы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин бөлүм башчычы Айбек Иминов түшүндүргөндөй, балдарга диний таалим-тарбия берүү диний ишмердик катары саналат, бул ишти алып баруу үчүн мыйзамда талаптар коюлган:

“Жарандар же юридикалык жактан диний ишмердик кылуу үчүн Дин комиссиясынын эсептик каттоосунан өтүүсү зарыл. Жабылып жаткан лагерлер мыйзам талабын аткарбаганы аныкталып, ишмердигине чектөө коюлуп жатат. Мында мамлекет тарабынан диний таалим-тарбияга эч кандай тоскоол жок, болгону мыйзам талаасында иш алып баруу керек”.

Ал ошондой эле диний лагерлердин көбү Ислам дини багытында экенин, бул үчүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу кабыл алынганын белгиледи. Бул документтин негизинде Дин иштери боюнча комиссиянын эсептик каттоосунан өткөн диний уюмдар жана окуу жайлар лагерлерди уюштурууга укуктуу.

Айбек Иминов ата-энелер балдарын диний лагерлерге берүүдө жогорудагы маалыматтарды тактап коюусу керектигин белгиледи. Ал азыр диний лагерлерге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси каралып жатканын айтып берди:

"Бир жагынан, буга суроо-талап дагы бар. Ата-энелер бала-чакабыз бир аз таалим-тарбия алып калсын, жайкы бош убактысында туура маалымат алып калсын, үйдө эле телефон көрүп отурат, көчөдө каралбай калып жатат дешет. Муну дагы биз жакын арада мыйзамдаштырып, "Дин тутуу эркиндиги боюнча" мыйзамга киргизип, кандай тартипте, кимдер уюштурушу керек деп, так эрежелерди жазып коюшубуз керек. Азырынча муфтияттын эле жобосу менен иштеп аткан болсо, мындан ары мамлекеттик деңгээлдеги диний лагерлерди уюштуруу боюнча жобо болобу, инструкция болобу, ошону биз иштеп чыгабыз".

Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков балдардын коопсуздугуна байланыштуу маселеде текшерүү, көзөмөл катуу болушу керек деген ойдо:

Асылбек Жооданбеков.
Асылбек Жооданбеков.

"Мамлекеттик мекемелер, өзгөчө милиция, укук коргоо органдары уруксатсыз, мыйзамсыз диний лагерлерди жаап жатканын окуп-угуп калып жатабыз. Алардын аракети көп учурда мындай отчет үчүн гана, маалымат үчүн гана болуп жаткандай. Маселе муну менен эле чечилбейт. Бул жерде эң негизги нерсе - ачык-айкындуулук. Ошолордун ишинин так алгоритми иштелип чыгышы керек. Эгерде мечит, медресе, уюм диний багыттагы лагерь ачкысы келсе, ошонун коомго дагы, ошол уюмга дагы, ата-энеге дагы, мамлекетке дагы түшүнүктүү, ачык-айкын так эреже-жобосу болушу керек. Ата-эне баласы эмне кылып жатканын 24 саат бою карап, байкай турган механизм болсун, мугалимдер, окутуу программалары тууралуу маалыматтар берилсин деген так талап болушу керек".

Муфтияттын ырасташынча, азыр бул жаатта атайын комиссия иштеп жатат. Жайдын соңуңда канча диний жайда, мекемеде канча лагерь кандай шартта уюштурулганы тууралуу эсеп-кысабы алынып, талдоо жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG