Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Ишкана-фирмаларды диний сөздөр менен атоого тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров компания-фирмаларды диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер жана аныктамалар менен атоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мындай сөздөрдүн тизмесин, пайдалануу тартибин өкмөт аныктайт.

Буга чейин Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштурган компаниялар, ишмердиги нааразылык жана күмөн жараткан турак жай кооперативдеринин диний мазмундагы сөздөр менен атап келгени талкуу жараткан болчу. Бирок айрым адистер мыйзам менен тыюу салуу тескери натыйжа бериши ыктымалдыгын эскертип жатат.

Мыйзамдын таржымалы

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш өткөн айда, жайкы эс алууга тараар алдындагы соңку жыйында дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Документтин автору, депутат Марлен Маматалиев бул маселени негизинен каржылык уюмдар, турак жай кооперативдерине байланыштуу көтөрүп чыккан. Документтин маалымкат-негиздемесинде каржы пирамидалары кардарларды тартуу үчүн каржы уюмдарына диний маанидеги ат коюп жатканы жазылган. Өлкөдө ушул тапта 6 500гө жакын кооператив иштеп жатканы, анын ичинен 5 500гө жакыны айыл чарба коммерциялык, 900ү коммерциялык эмес кооперативдер экени жазылган. 162 турак жай курулуш кооперативдин 30дайы иштеп жатканы көрсөтүлгөн.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

"Айрыкча турак жай кооперативдерин каттап жатканда алардын аталышына көп көңүл буруу керек. Эгер динге жамына турган болсо, аларды каттабай коюуну мыйзамга киргизбейлиби. Анткени динге, исламга жамынган бир кооперативге керек болсо айылдагы молдолордон бери кирип кетиптир. Молдолорго ишенип жөнөкөй жарандарыбыз да кирип кетиптир. Анын аты "Ислам" деп жазылып турат. Ушинтип жазылып турса, ага баары ишенет да. Эл барып ал жакка акчасын салып жибериптир", - деген Маматалиев.

Кол коюлган мыйзамга ылайык, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды пайдаланууга тыюу салынат. Тактап айтканда, Жарандык кодекстин 89-беренесинин 1-бөлүгү "уставында пайда алуу негизги максат болбогон диний коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт" деген ченем менен толукталат. Министрлер кабинети диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмегин жана аларды пайдалануу тартибин аныктап чыгат.

"Аталыштарды тартипке келтирүү керек"

"Мутакалим" мусулман аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызынын пикиринде, соңку кездери жарандардын ишенимине кирип, динди жамынып алып алдамчылык менен алектенгендер каттала баштады:

Жамал Фронтбек кызы.
Жамал Фронтбек кызы.

"Акыркы бир он жылда сакал койсо же жоолук салынса эле "бул алдабайт, аталышы диний болуп турат го деп" деп ишенген жарандарды ар кандай фонддор, фирмалар көп алдап жатат. Ошондой аталыштагы каржылык пирамидаларды дагы түзүп жатышат. Мисалы, муфтияттын фатва бөлүмү аны арам деп айткан. Адамдар ушундай эскертүүгө карабай эле алданып калып жатат. Менимче, бул деле алдамчылыктын бир түрү. Мыйзам чегинде мындайга барган ар бир адам жооп бериши керек".

Дин комиссиясынын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев аталыштарды тартипке келтирүү керек деп эсептейт:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Фирманы түзгөн кожоюн өзү каалаган атты коёт да. Бирок аша чаап, элдин башын маң кылган, туура эмес ат коюлган учурлар дагы болуп кетти окшойт. Эсиңерде барбы, мисалы, "Бен Ладен" деген аталыштагы дүкөн ачып алгандар да болгон. Ошон үчүн муну тартипке келтирип, жогорудагыдай жосунду болтурбай, өзүбүздүн эле кыргызча аттарды койсо деле жакшы болот эле. Азыр эми башка тилде, тамгада жазылган көрнөк-жарнактар көп болуп жатпайбы. Ушинтип отуруп баары тартипке келсе керек. Диний аталыштарга тыюу салып жатканы деле бир чети туура. Экстремизм, терроризм маселеси курчуп жаткан кезде түшүнүп-түшүнбөй, аша чапкандар болууда".

"Коом өзү тандашы зарыл"

Дин маселелери боюнча эксперт, юрист Эржан Кайыпов болсо мыйзам менен тыюу салууга каршы оюн айтты. Анын баамында, бул тескери натыйжа берет. Ат коюуну коом өзү ылгап-тандашы керек:

"Азыр ишкерликте диний сөз менен атап алган, ишмердиги ага туура келбеген учурлар көп. Бирок муну мыйзам менен тыюу акылга сыйбайт, туура эмес. Бул ар бир жарандын өз эрки. Ошол эле диний аталыштагы фирмалар, алардын иши кандай болорун эл өзү аңдап, түшүнүп келе жатат. Коом мындай аталыштар эч нерсени билдирбесин, сакал эч мааниге ээ эмес экенин түшүнүп келе жатат. Мусулмандар өздөрү деле бирөөнүн жолугу, сакалы, алардын оозунан чыккан "иншалла, машалла" деген сөздөр деле эч нерсени билдирбесин аңдап келе жатат. Бул диндин кепилдиги эмес. Бул пенде ишене турган объект эмес. Коом өзү тандап, өзү ылгаш керек. Бул жагдау ушинтип өзу жөнгө салынышы керек. Балким муфтият деле ишиңер төп келбесе мындай диний аталышты колдонбогула деп кайрылуу жасайт. Совет доору урагандан кийин исламый аталыштар колдонула баштады. Эми буларды болбойт деп мыйзам менен тыюу салуу деген туура эмес. Мамлекеттик органдар андан көрө аларды текшерсин, алдамчылык кылап-кылбаганын аныктасын. Мына азыр жарандык, бейөкмөт уюмдарга көзөмөл күчөп жатпайбы".

Эржан Кайыпов кыргыз тилинде арап тилинен кирген создөр көп экенине токтолуп, бул тыюуну ишке ашыруу оңой-олтоң болбосун белгиледи.

Эржан Кайыпов.
Эржан Кайыпов.

"Мисалы "илим" деген сөз бизге Ислам менен араб тилинен кирген. Мисалы "илим" деген сөз болот, "ихсан" деген болбойт деп ким аныктайт? "Береке" деген деле кадимки кыргыздын сөзү болуп калган. Ал болсо арбча "баракат" деген сөздөн келип чыккан, "кудайдан келген жакшылык" дегенди билдирет. Мектеп, адал дегендей сөздөр толтура. Мисалы "нур" деген сөз кудайдын 99 атынын бири. Бул сөз болсо бизде кадимкидей эле колдонулат. Ошон үчүн диний сөздөрдү ким, кантип аныктайт? Бул сөз азырак, бул сөз көбүрөк диний мүнөздө деп ким аныктайт? Ошондуктан тыябыз деген бул абсурд. Ооба, элдер алданып атат, бирок ошентип алар акылына келет да. Акыла барлар башкалар алданганын көрүп сабак алат, ошентип коом оңдолот. Балким кийинчерек атайын мусулманча коюп алгандардан деле шектенип ишенбей калаттыр. Бул өзүнөн өзү жөнгө салынчу нерсе. Айрымдары өздөрү деле кудайдан коркуп, атына жараша заты боло алабы деп өздөрү деле атабай тартынып, өзүнөн өзү чектелип калат. Мындай тыюу коомдо туура эмес түшүнүүгө алып келиши мүмкүн, исламга каршы болуп жатышабы деген ойлор жаралышы да мүмкүн. Мындан улам карама-каршылык күчөшү мүмкүн",-деди Кайыпов.

Буга чейин кылмыш иштери козголуп, кожоюндары камакка алынган турак жай кооперативдеринин арасында “Ихсан Групп ЛТД” жана “Ислам каржы кооперативи” деген аталыштагы компаниялар болгон.


Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта өлкөдө 6,5 миңдей кооператив бар. Анын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 5,5 миңи айыл чарба коммерциялык кооперативдери, 900ү коммерциялык эмес кооперативдер. Коммерциялык эмес кооперативдердин ичинен 160дөн ашыгы турак жайга багытталган кооперативдер жана учурда анын 30га жакыны иштеп келет.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, былтыр каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 217 иш сотко жөнөтүлгөн. Анда кылмыш иштеринин көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталганы белгигенген. Жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон көп деп эсептелген. Козголгон иштерге байланыштуу 40 адам жоопко тартылган.

XS
SM
MD
LG