Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:14

Үгүт, никаб, саясат. Дин мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр


Бишкектин Жал кичирайонундагы мечит, 1-июль, 2015-жыл
Бишкектин Жал кичирайонундагы мечит, 1-июль, 2015-жыл

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов дин чөйрөсүн жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “дааватка каршы” деп атоо туура эместигин белгилеп, коомчулукту бул теманын айланасында бурмаланган маалымат таратуудан алыс болууга чакырды.

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору августтун этегинде коомдук талкууга чыккандан бери кызуу талкууланууда. Өзгөчө динди жайылтуу максатында үймө-үй кыдыруу (даават) жана никабдын айланасында ар кандай пикирлер бар.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун билдирүүсүнө жарандык активист Эртай Искаковдун “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” деп аталган мыйзам боюнча жазган посту себеп болду. Анда Искаков мыйзам долбоорун негиз кылып, интернетте сурамжылоо жүргүзгөн.

Аскат Алагөзов дин темасы сезимтал экенин айтып, аны бурмалоого жол берүү “от менен ойногонго” тете экенин эскертти.

Аскат Алагөзов.
Аскат Алагөзов.

“Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “дааватка каршы” деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп, кеңири талкуулап өздөрүнүн сунуштарын берүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам”.

Искаков аталган сурамжылоо посттун өчүрүп, башка видео кайрылуу жарыялады. Анда кетирген катачылыгын моюнга аларын айткан.

Мыйзам долбоору, талкуу жараткан жоболор

Мыйзам долбоору быйыл 30-августта коомдук талкууга коюлган. Азыр долбоор тиешелүү сайтта илинип турат.

Андагы айрым беренелер, тагырагы никаб, паранжы жана үймө-үй кыдырып үгүт кылуу маселеси коомду кызыктырып жатат. Дал ушул теманын айланасында айрым учурда такталбаган маалыматтар тарап жаткандай.

5-сентябрда президент Садыр Жапаров тиешелүү жетекчилер менен кеңешме өткөрүп, жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алынганы белгилүү болду. Ал макулдашылган долбоордун мазмуну жарыялана элек.

Президент бул жыйында мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды берүүгө чакырган.

Жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, башкы прокурор Максат Асаналиев, ички иштер министринин орун басары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстандын муфтийи, парламент депутаттары, мурдагы муфтийлер, дин аалымдары, эксперттер жана окумуштуулар катышкан.

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору талкууланган кеңешме.
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору талкууланган кеңешме.

Эми бул мыйзам долбоордун авторлору диний ишмерлер, адистер менен бирге документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгышы керек.

Мыйзам долбоорунда эмне камтылган?

Азыр коомдук талкууда турган мыйзам долбоорунда адамдын кийими аны идентификациялоого мүмкүндүк бериши керектиги айтылат. Ага ылайык, кишинин жүзү көрүнбөгөн никаб менен паранжыга тыюу салынышы мүмкүн. Ал эми документте хижабга же жоолукка эч кандай тыюу салынбай турганы белгиленген. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Азамат Юсупов 4-сентябрдагы маалымат жыйында мындай деген:

Азамат Юсупов
Азамат Юсупов

"Никаб маселеси өзүбүз ойлоп тапкан сунуш эмес. Көп жылдан бери талкууланып, муфтият менен бирге, алардын ой-пикирин эске алгандан кийин келип чыккан сунуш. Муфтияттын бул жөнүндө фатвасы бар. Ал жерде бетти толугу менен жабуу, никаб же паранжы маселеси биздин салт-санаага туура келбегендиги айтылат. Анан "диний түшүндүрмөсүндө парзга кирбейт, муну аткарбаган киши күнөөкөр болбойт" деп жазып жатышат. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда аталган жобо туристтерге иштебейт. Коомчулукта кичине жаңылыштык болуп, хижаб менен никабды адаштырып жатышат".

Мыйзам долбоорунда дагы бир талкуу жараткан жагдай диний үгүт-насаат менен байланыштуу. Дин тутуу эркиндигине болгон укук (4-берене) беренесинин 11-пунктунда буга байланыштуу жаңы жоболор сунушталган. Анда мындай деген жер бар:

“Динди жайылтуу же таңуулоо максатында, ошондой эле жергиликтүү калктын улуттук маданиятына жана каада-салттарына карама-каршы келген, башка диний окуулардын жолдоочулары тарабынан өзүнүн динине киргизүүгө багытталган, анын ичинде психологиялык, күч колдонуу, коркутуу же зомбулук көрсөтүү жолу менен диний багыттагы объектилерди кошпогондо, турак үйлөрдү (батирлерди) жана турак эмес жайларды кыдырууга тыюу салынат”.

Бул жободо айтылган үймө-үй кыдырып, элди динге чакырууну Кыргызстанда көбүнчө “Таблиги жамаат” уюмунун жолдоочулары жана кээ бир учурда протестанттык уюмдар жүргүзөт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү аталган жобону "дааватка каршы" деп түшүнүп алуу туура эместигин билдиришти. Алардын айтымында, мындай жобо муфтияттын Аалымдар кеңешинин чечимине таянып киргизилип жатат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Азамат Юусупов мындай дейт:

“Үймө-үй кыдыруу боюнча да ошол эле диний аалымдар менен кеңешип, алардын тыянагынын негизинде ушул берене сунушталып жатат. Бул жерде үймө-үй ыкмасын бир гана дааватчылар эмес, башка уюмдар да колдонушат. Биздин Аалымдар кеңешинин түшүндүрмөсүндө "үймө-үй жүрүп кыдыруу исламда милдеттүү амалдарга кирбейт" деп айтылат. Бул динди жайылтуунун бир ыкмасы экенин айтып жатышат. Мамлекет эч кимден сурабай туруп өзү чечим кабыл алып атат деген ой кетпесин".

Андан тышкары долбоордо диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердик менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбой турганы жазылган.

Билим берүү жана дин

Сунушталган мыйзам долбоорунда диний окуу жайларында билим берүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныктай турганы жазылган. Ошондой эле диний билим берүүгө байланышкан айрым беренелер булар:

- Диний окуу жайларынан тышкары, билим берүү уюмдарында диний уюмдарды түзүүгө жол берилбейт.

- Жогорку жана орто диний окуу жайларга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык, милдеттүү жалпы орто билим алгандан кийин жүргүзүлөт.

- Диний окуу жайларда диний сабактарды окуткан адамдар тиешелүү документ менен ырасталган атайын жогорку диний (руханий) билимге ээ болушу керек жана өз ишмердүүлүгүн ошол окуу жайга караштуу диний уюмдун башкаруу органы менен макулдашып жүргүзүүгө тийиш.

- Дин таануу дисциплинасын ар кандай билим берүү деңгээли үчүн жеке тартипте жана диний окуу жайдан тышкары окутууга тыюу салынат. Бул талаптарды бузгандар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү Кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Ошондой эле чет өлкөдөн диний билим алууга да талаптар күчөтүлгөн.

Башкача айтканда, жарандар чет өлкөлүк диний билим берүү мекемелеринде дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Борбордук башкаруу органы менен макулдашуу боюнча гана окуй алышат. Бул органдар кыргыз жаранына тигил же бул диний окуу жайына тиешелүү жолдомо берет. Жарандар өлкөнүн "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына ылайык, барган өлкөдөгү Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө каттоого турушат.

Эгерде чет өлкөлүк диний билим берүү мекемелеринде окуу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Борбордук башкаруу органы менен макулдашуусуз чыгып кеткен учурда, чет өлкөлүк диний билим берүү мекемелеринин диплому Кыргызстандын аймагында жараксыз деп табылат.

Мамлекет жана диний бирикмелер

Жаңы мыйзам долбоорунун дагы бир маанилүү аспектиси - дин менен мамлекеттин ортосундагы байланышты так аныктоого жана ажыратууга, ошондой эле мамлекеттин секулярдык мүнөзүн сактоого байланышкан сунуштар экени айтылууда. Башкача айтканда, долбоор динге ишенгендердин конституциялык укуктарын коргоого, ошол эле кезде мамлекеттин светтик мүнөзүн бекемдөөгө багытталганын белгиленет. Диндин мамлекет иштерине таасирин чектөө, экинчи жагынан, дин тутуунун эркиндигин сактоо максатын көздөйт деп сыпатталат.

Азыр бул мыйзамдын макулдашылган варианты качан иштелип чыгары так айтыла элек.

Юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман мыйзам долбоорун жакшылап иштеп чыгуу зарыл экенин белгилейт:

Эржан Сулайман.
Эржан Сулайман.

“Бизде мамлекет менен диний чөйрө, тактап айтканда мусулман жамааты бир келишимге келүүсү учурдун талабы болуп турат. Ошон үчүн жаңы мыйзам долбоорунда конкреттүү формулировкалар жазылыш керек деп ойлойм. Анын ичинде жакшы сунуштар бар. Тилекке каршы, терс маанисинде кабыл алынып жатканын байкап жатабыз. Мисалы, никаб же бетти жапкан кийимге тыюу салуу маселесинде мусулман коомчулугу консенсуска бара алат. Бирок жоолуктун мыйзамдуулугун такташ керек. Анткени "жоолукка да тыюу салынат" деген жалган маалыматтар чыгып атат".

Учурда иштеп жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия аталган мыйзам азыркы талаптарга жооп бербей калганын билдирүүдө.

Ал арада Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы 6-сентябрда маалымдады.

Тойгонбай Абдыкаров бул кызматка 2021-жылы 3-июнда дайындалган. Ал кызматтан кетүү арызын эмне себептен жазганын коомчулукка ачык айткан жок. Азырынча анын ордуна ким бара турганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG