Украинада орус армиясынын генерал-майору каза болгонун 7-ноябрда "Свобода" радиосу жазды. Павел Клименко мотоаткычтар бригадаларынын биринин командири болчу. Ал тууралуу "түздөн-түз согуш талаасына эмес, тылда калууну өтүнгөн аскерлерден пара алган, кол астындагы аскер кызматкерлерин кыйнаган" деген сөздөр айтылчу.
47 жаштагы Клименконун өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз, ал каза болгонун алгач аскер темасын чагылдырган блогерлер жазып чыгышты.
"Астранын" иликтөөлөрүнүн биринде Клименко Донецкиде кароосуз калган шахтада орусиялык аскерлер кыйноого алынуучу концлагерь ачканы, ошол жактан согушка чабуул коюучу топтун катарында катышууга мажбурлоо жүргөнү, кээ бирлеринен пара талап кылынганы айтылган.
Айрым блогерлер анын бригадасы өтө көп жоготууга учурап жатканын да жазышкан. Клименконун кол астындагылар пара берип, тылга которулуп кете алары көп айтылган.
Ушуну менен Украинадагы согушта Орусия жоготкондугу аныкталган, өлүмү журналисттердин жана көз каранды эмес иликтөөлөдүн негизинде тастыкталган генералдарынын саны сегизге жетти. (RK)
Дагы караңыз
Дональд Трамп чек араны бекемдөөгө артыкчылык берерин айтты Президент диний ишмерлер менен дин тутуу эркиндиги мыйзам долбоорун талкуулады ӨКМ: Нарын суусуна секирген кызды жана Жумгалдагы ата-баланы издөө уланып жататТөө-Ашууда кар көчкү жүрүп, жол тазаланганы кабарланды