Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:02

Төө-Ашууда кар көчкү жүрүп, жол тазаланганы кабарланды


ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Фейсбук баракчасынан алынган видео, 8-ноябрь, 2024-ж.

8-ноябрь күнү саат эртең мененки 9да Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү жүрүп, Төө-Ашууда бардык унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол тазаланып, азыркы учурда жеңил унаалар өтүп жатканын, бирок жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алына электигин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда жабыркагандар жок.

Бир күн мурун, 7-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө алына электигин билдирген.

Министрлик Төө-Ашууда кар жаап жатканын, мындан улам "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө алына электигин, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында жол тазалоо иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.

Министрлик автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырууда.

Синоптиктердин маалыматында 6-8-ноябрда тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG