Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:13

Президент диний ишмерлер менен дин тутуу эркиндиги мыйзам долбоорун талкуулады


Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилери, Кыргызстандын муфтийи, белгилүү дин аалымдары жана эксперттер катышкан.
Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилери, Кыргызстандын муфтийи, белгилүү дин аалымдары жана эксперттер катышкан.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы 8-ноябрда билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы мыйзамга кошумча түзөтүүлөр киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун белгилеген. Ал жыйында дагы бир жолу дыкат карап, электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айткан.

Маалыматта Садыр Жапаров Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин дин иштерине кийлигишпей турганын, ал эми диний ишмерлер болсо мамлекеттин ишине кийлигишпей турганын билдиргени айтылат.

"Бирок Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында жана жалпы эле диний чөйрөдө Муфтиятка жана Аалымдар кеңешине карата урмат-сыйдын жоктугу көрүнүп турган башаламандык орун алууда" деген президент.

Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилери, Кыргызстандын муфтийи, белгилүү дин аалымдары жана эксперттер катышкан.

“Президент ошондой эле жол менен Муфтият менен Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө үчүн “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик реформалар сыяктуу эле, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берет” деп айтылат Президенттик администрациянын маалымат кызматы тараткан маалыматта.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлган.

Коомдо бул мыйзам долбоорун "дааватка каршы" деген пикирлер айтылып, талкуу жаралган. Бирок мыйзам долбоорунун авторлору аны четке кагышкан.

Андан тышкары долбоордо диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердик менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралганы айтылган.

Азыркы учурда иштеп жаткан мыйзам 2008-жылы кабыл алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG