Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:20

Дональд Трамп чек араны бекемдөөгө артыкчылык берерин айтты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп шайлоодон кийин журналисттерге берген алгачкы маегинде кызматка расмий киришкен соң чек араны бекемдөөгө артыкчылык берерин билдирди.

NBC News медиасы Дональд Трамптан анын шайлоо алдында берген мыйзамсыз миранттарды жапырт түрдө депортациялоо убадасы жөнүндө сураган. Трамп муну ишке ашыруудан башка жол жок экенин айтты.

Мунун алдында CNN Трамптын өнөктөштөрү жана жеке бизнес өкүлдөрү миграциялык саясаттын өзгөрүүсүнө тымызын аракет көрүп жаткандарын жазган.

The Wall Street Journal басылмасы болсо жалпысынан депортация маселеси 20 миллион мигрантка кедергисин тийгизерин божомолдоп жатат.

“Демократтардын Трамптын иммигранттар жөнүндө риторикасына маани берүүгө чакырганына карабай, аны колдогон латын америкалыктардын катары калың болду” деп жазды NBC.

Мындан тышкары Трамп жакын арада Байден баштаган бир катар дүйнө лидерлери, анын ичинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу мерчемделгенин айтты.

7-ноябрда Владимир Зеленский Будапештте өткөн Европа саясий коомчулугу (European Political Community) бирикмесинин жыйынында сөз сүйлөп, Трамп “чын эле согушту токтотууну каалап” жатканын айтып, бирок кандай жол менен ишке ашырууну талкуулай электерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG