Орбан: Венгриянын ТМУ өлкөлөрү менен соода алакасы 5 млрд доллардан ашты

Виктор Орбан

Венгрия менен Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн соода алакасы 5 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 6-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан ТМУ саммити учурунда билдирди.

Орбан акыркы алты жылдан берки убакытта Түрк мамлекеттер уюмунда чоң өзгөрүү болуп жатканын белгиледи.

"Венгрия уюмга кирген алты жылдан бери мен ири өзгөрүүлөрдү байкадым. Өзгөрүүлөр Кыргызстанда да мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында болуп жатат. Соода алмашуу 5 млрд доллардан ашты. Биз күчүбүздү энергетикага жана коргонууга багыттайбыз".

Венгриянын премьер-министри Түркия жана Азербайжан менен кошуна болбосо да мамилеси жакшырып, газды алардан алып жатканын айтып кетти.

Венгрия менен Түркмөнстан ТМУда байкоочу макамда. Уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө.

6-ноябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммити өтүп жатат. Бул жолку жыйын “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өтөрү кабарланган.

Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери, уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан да кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. (ZKo)

Дагы караңыз

Жапаров: Кыргызстан палестин-израил жаңжалын тынчтык жол менен чечүүнү колдойт АКШда президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңди Сербияда 14 кишинин өмүрүн алган окуядан кийин нааразылык күчөдүБишкек-Торугарт жолундагы ашуулар жабык, "Сосновкада" чектөө алындыФутбол: “Абдыш-Ата” үчүнчү ирет Кыргызстандын чемпиону болду