Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:13

Сербияда 14 кишинин өмүрүн алган окуядан кийин нааразылык күчөдү


Демонстранттар полиция бөлүмүнө кызыл боек чачып кетишти.
Демонстранттар полиция бөлүмүнө кызыл боек чачып кетишти.

Сербияда борбор калаа Белграддан 70 чакырым аралыкта жайгашкан Нови-Сад шаарында 5-ноябрдын кечинде өкмөткө каршы акция уланды. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун балкан кызматы кабарлагандай,

14 кишинин өлүмүнө алып келген окуя үчүн бийликке нааразылыгын билдирген митингге бир нече миң киши катышты. Алар кырсык болгон темир жол бекети көздөй жөө жүрүш жасап, шаар башкармалыгынын алдына да барышты.

Акцияны парламенттеги оппозициялык партиялар жана коомдук бирикмелер демилгелешкен.

Митингде премьер-министр Милош Вучевичтин жана Нови-Саддын мэри Милан Журичтин отставкасы, вокзалдагы кырсык үчүн жооптууларды тез арада камакка алуу, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн кытайлык компания менен жана Сербиядагы инфраструктуралык башка да негизги долбоорлорго катышкан ишканалар менен түзүлгөн келишимдер тууралуу ачык маалымат берүү талаптары айтылды.

Өткөн жума күнү вокзалдын чатырынын кире бериштеги бөлүгү урап түшкөн. Бул окуядан кийин курулуш, транспорт жана инфраструктура министри Горан Весич кызматтан кеткен. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG