Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:09

Футбол: “Абдыш-Ата” үчүнчү ирет Кыргызстандын чемпиону болду


"Абдыш-Ата" футболдук клубунун оюнчулары жеңиш майрамдап жаткан учуру.
"Абдыш-Ата" футболдук клубунун оюнчулары жеңиш майрамдап жаткан учуру.

Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу өзүнүн тарыхында үчүнчү жолу Кыргызстандын чемпиону болду.

5-ноябрда Кант шаарында өткөн Кыргызстандын премьер-лигасынын 25-турунда "Абдыш-Ата" бишкектик "Дордой" клубун 1:0 эсеби менен утту. Мелдеш жадыбалында эң көп упай топтогон канттык клуб өлкө чемпиону болду.

Ушул тапта Кыргызстандын премьер-лигасынын мелдеш жадыбалында “Абдыш-Ата” 62 упай менен биринчи орунда турат. Бишкектин "Дордой" клубунда 55 упай, "Мурас Юнайтед" клубунда 48 упай бар. Оштун “Алай” командасы 44 упай менен төртүнчү орунда. Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы 30 упай топтоп, бешинчи орунду ээледи. "Илбирс" клубунда 25 упай, "ОшМУ-Алдиерде" 21 упай, "Талант" клубунда да 21 упай бар. "Кыргызалтын" клубу 19 упай менен 9-орунда. Бишкектин “Алга” клубу бул жылы 17 упай топтоп, мелдеш жадыбалында акыркы орунга жайгашты.

“Абдыш-Ата” клубу 2001-жылы түптөлгөн. 2002-жылы команда Жогорку лигага көтөрүлгөн. Үч ирет өлкө чемпиону (2022, 2023, 2024) аталса, эки ирет Кыргызстандын футбол боюнча Супер кубогун уткан.

Кыргыз премьер-лигасы деп аталган өлкө чемпионатында 10 клуб ойнойт. Алар: "Дордой", "Алга", "Алай", "Нефтчи", "Мурас-Юнайтед", "Талант", "Кыргызалтын, "Илбирс", "ОшМУ-Алдиер" жана "Абдыш-Ата" клубдары.

Алардын ичинен "Алга", "Алай" клубдары муниципалдык болуп саналат. "Алга" клубу Бишкек мэриясынын, "Алай" Ош мэриясынын бюджетинен каржыланат. Кара-Балта мэриясынын карамагындагы “Кара-Балта” клубу быйыл аталышын өзгөртүп, аны каржылаган "Кыргызалтын" ишканасынын атын алган. "Ошму-Алдиер" клубу болсо Ош мамлекеттик университетинин базасында 2022-жылы түзүлгөн.

"Мурас-Юнайтед" клубу 2023-жылы түзүлүп, дароо эле Кыргызстандын чемпионатында ойной баштаган. Калган клубдар жеке ишкерлердин жана футбол союзунун каржылоосунда чемпионатка катышып келет. (GT)

Шерине

XS
SM
MD
LG