Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:36

Жапаров: Кыргызстан палестин-израил жаңжалын тынчтык жол менен чечүүнү колдойт


Садыр Жапаров. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын саммитинде. 6-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек
Садыр Жапаров. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын саммитинде. 6-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан палестин-израил жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүдө дүйнө коомчулугунун күч-аракетин бириктирүүнү колдой турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммитинде сүйлөгөн сөзүндө айтты. Жапаров Израилди эл аралык гуманитардык укуктун принциптери менен нормаларын сактоого жана жарандардын гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз алуусун камсыз кылуу милдетин аткарууга чакырды.

"Биз палестин элинин өзүн-өзү аныктоо, өз мамлекетин түзүү жана Бириккен Улуттар Уюмуна толук кандуу мүчө катары кирүү укугун тааныйбыз жана колдойбуз. Палестинада күн сайын жана саат сайын балдар менен аялдар курман болуп, тынч тургундар оор физикалык жана моралдык кыйноолорду башынан кечирип жаткан кырдаалдын өзгөртүлбөй калуусуна жол берилбеши керек. Ошондон улам коопсуздук маселелерде кызматташтыкты бекемдөөгө жигердүү катышууга даярбыз", - деди Садыр Жапаров.

6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтүп жатат. Саммит Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Жыйынга уюмга кирген беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, ошондой эле уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Уюмга 2025-жылы төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөт. Быйыл ага Казакстан төрагалык кылууда.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG