Трамп шайлоодо жеңгенин жарыялады

Дональд Трамп. 2024-жылдын 6-ноябры.

АКШда президенттик шайлоого Республикачылар партиясынан катышкан талапкер, өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамп добуштар кандай чыгары таптакыр белгисиз болуп жаткан, "селкинчек" же "оомо" штаттардын жетөөндө тең алдыда экенин соңку эсептөөлөр көрсөтүүдө. Добуштарды эсептөө уланып жатат.

Флорида штатында шайлоочуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Трамп утканын жарыялады.

"Биз балдарыбыз татыктуу жана силер татыктуу болгон күчтүү, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн Американы жаратмайынча тынчыбайм", - деп негизги убадаларын кайталады.

Трамптын атаандашы, Демократтар партиясынан талапкер, азыркы вице-президент Камала Харристин шайлоо штабы добуштардын баары толук эсептелип бүтүшүн күтөрүн жана ал элге 6-ноябрдан калбай кайрылуу жасарын маалымдаган.

Азыркы саатка карата Трамп АКШнын 47-президенти болуп шайланышы үчүн зарыл шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун ала элек, бирок негизги штаттардагы жыйынтык ал алдыда экендигин көрсөтүүдө.

Трампты бир нече өлкөнүн лидери, анын арасында Украинанын президенти Владимир Зеленский куттукташты. Зеленский Трамптын "күч аркылуу тынчтыкка жетүүгө" карай умтулуусун баалай турганын айтып, "дал ошондой принцип Украинада адилет тынчтыктын орношун иш жүзүндө жакындатууга жардам берерин" белгиледи.

Республикачылар Сенаттагы шайлоодо да көпчүлүктү ээлөөдө. (RK)

Дагы караңыз

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан катуу жаайтАКШда президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңди Алгачкы дрон соккусуна Дагестан да кабылдыБеларуста карапайым жумушчу "геноцидди танды" деп соттолду