Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:45

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан катуу жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда, тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4;

Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 6…11;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2° , күндүз 2…4° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG