Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

Беларуста карапайым жумушчу "геноцидди танды" деп соттолду


Беларус. Хатын кыштагы.
Беларус. Хатын кыштагы.

Беларуста эки жыл мурда кабыл алынган "беларус элине каршы геноцидди тануу" үчүн жазалоо тууралуу мыйзам боюнча алгачкы өкүм чыкканын 5-ноябрда "Азаттыктын" беларус кызматы жазды.

Өлкө тарыхындагы биринчи жолку мындай өкүм борбор калаа Минск шаардык сотунда жарыяланып, 55 жаштагы жергиликтүү тургун, курулушта шыбакчы болуп иштеген жумушчу Андрей Савицкий шарты катаал түрмөгө үч жылга кесилгенин "Вясна" укук коргоо борбору маалымдады. Ага өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенкого "акарат кылган" деген да айып тагылган.

Савицкий социалдык түйүндөрдүн бирине Лукашенко жөнүндө жана 1943-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Хатын кыштагында нацисттик аскерлер курчоого алып, камап, өрттөп жиберген 149 адам тууралуу жазгандан кийин кармалган. Милиция аны "немис баскынчылары беларустарга каршы геноцид уюштурганын четке каккан, фашисттерди актаган жана баскынчылар жасаган кылмышты советтик жарандарга шылтаган" деп айыптаган.

Лукашенко режими мындай айыпты бийликти сындаган оппозициячыл саясатчыларга жана активисттерге каршы курал катары колдонот.

Беларус коомчулугунда жана тарыхчылары арасында согуш маалында бул республиканын аймагында болгон айрым окуялар тууралуу пикир бирдей эмес. Лукашенко бийликти 30 жылдан ашуун убакыттан бери колунан чыгарбай келе жатат. Көптөгөн оппозиция өкүлдөрү камакта отурат, айрымдары чет жактарга чыгып кетишкен. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG