Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:48

Алгачкы дрон соккусуна Дагестан да кабылды


Дагестан. Каспийск шаары.
Дагестан. Каспийск шаары.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасы орус бийлиги Украинага каршы согуш ачкандан бери алгачкы жолу учкучсуз учак чабуулуна кабылганын 6-ноябрда "Свобода" радиосу жергиликтүү Telegram каналдардын жазганына таянып кабарлады.

Жергиликтүү тургундар жарылуу болгонун, ок атууга окшогон добуштар чыкканын билдиришкен. Республиканын башчысы Сергей Меликов Каспийск шаарында дрон жок кылынганын маалымдап, элди тынчтыкты сактоого, расмий гана маалымат булактарына ишенүүгө чакырып, дрон чабуулунун видеосун интернетке чыгарбоону суранды.

Адамдар арасында жабыркагандар барбы же жокпу, азырынча маалымат бериле элек.

Кээ бир Telegram каналдар Дагестандын аймагын бутага алган учкучсуз учактар Украинанын А-22 "Летучая лисица" согуштук дрону экенин жазышты.

Борбор калаа Махачкаланын аэропортунда үч каттам убактылуу токтотулганы белгилүү болду.

Орусиянын да, Украинанын да расмий органдары комментарий бере элек. Каспийск шаары Украинанын чек арасынан миң чакырымдан алыс аралыкта жайгашкан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG