Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда, тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…5;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4;
Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 6…11;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2° , күндүз 2…4° жылуу болот.
Дагы караңыз
Түрк тилдүү мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолугуштуДональд Трамп негизги штаттарда алдыга чыгуудаКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келдиАКШ: Трамп шайлоочулар коллегиясынын 230, Харрис 205 добушун алуудаФутбол: “Абдыш-Ата” үчүнчү ирет Кыргызстандын чемпиону болду