Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

Түрк тилдүү мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолугушту


ТМУ саммити: Тышкы иштер министрлери жолугушту. Бишкек. 6-ноябрь, 2024-жыл
ТМУ саммити: Тышкы иштер министрлери жолугушту. Бишкек. 6-ноябрь, 2024-жыл

6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитинин алкагында уюмга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетекчилик кылды. Отурумга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Венгрия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү, уюмдун Аксакалдар кеңешинин жана түрк институттарынын жетекчилери катышты.

Жыйын жүрүшүндө саммитте мамлекет башчылардын кол коюусуна чыгарылуучу документтердин долбоорлору каралып, бекитилди.

Тараптар саммит алкагында көтөрүлүүчү маселелерди талкуулап, соода-экономикалык, транспорт, санарип, климаттык жана маданий-гуманитардык тармактардагы орток кызыкчылыктагы багыттарды ортого салышты.

6-ноябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммити өтүп жатат. Бул жолку жыйын “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өтөрү кабарланган.

Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG