Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:45

АКШ: Трамп шайлоочулар коллегиясынын 230, Харрис 205 добушун алууда


Камала Харрис. Дональд Трамп.
Камала Харрис. Дональд Трамп.

АКШда президенттик шайлоодо мурдагы президент, Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп, соңку маалымат боюнча, адатта республикачыларды колдогон бир катар штатта, анын ичинде Түндүк Каролинада жеңишке жетти. Бул штат Демократтар партиясынын талапкери, азыркы вице-президент Камала Харристин жеңиши үчүн маанилүү аймактардын бири деп аталып жаткан.

Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын расмий эмес долбоорлорунун эсептөөлөрүнө караганда, азыркы саатка карата шайлоочулар коллегиясынын 230 добушуна Трамп, 205 добушуна Харрис ээ болууда. Президент болуп шайланыш үчүн 270 добуш талап кылынат.

АКШ медиасы 50 штаттын төрттөн үч бөлүгүнөн көбү жана Колумбия федералдык округу бул жолу да 2020-жылы азыркы президент Жо Байден жеңген, Трамп утулган шайлоонун жыйынтыгына окшош добуштарды көрсөтүп жатканын белгилөөдө.

Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8ден кийинки маалымат боюнча, шайлоочулар коллегиясынын 54 добушу бар эң чоң штат Калифорнияда жана 12 добушу бар Вашингтондо Харрис жеңди.

Бирок “селкинчек же оома” штаттар деп мүнөздөлүп жаткан Аризонада, Жоржияда, Мичиганда, Невадада, Пенсильванияда жана Висконсинде шайлоонун жыйынтыгы чыга элек.

Президент болуп шайлануу үчүн талапкер шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 мүчөсүнүн добушун топтошу керек. Эгер Харрис да, Трамп да бул босого чекке жеткидей добуш топтой албаса, анда жаңы президентти жаңы шайланып келген Конгресстеги Өкүлдөр палатасы январь айында тандайт. Ал эми жаңы шайланып келген Сенаттын мүчөлөрү вице-президентти аныкташат.

АКШдагы бул жолку президенттик шайлоо Орусиянын Украинадагы согушуна, Жакынкы Чыгыштагы аскердик жаңжалга жана башка глобалдык маселелерге таасирин тийгизе турган тарыхый президенттик шайлоо деп бааланууда.

60 жаштагы Камала Харрис өзүн азыркы президент Жо Байден менен Трамптын ордун баса турган муундун өкүлү катары көрсөтүүдө.

78 жаштагы Дональд Трамп ушуну менен шайлоого төртүнчү жолу катышууда. 2020-жылы ал азыркы президент Жо Байденге утулуп, экинчи мөөнөткө калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG