Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын билдирди.
Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын алака-катышы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелери талкууланып бир катар документтерге кол коюлат.
Виктор Орбан ошондой эле 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги 11-саммитине катышат.
Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.
Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылы августта Венгрияга иш сапары менен барган. (BTo)
Дагы караңыз
БШК камалган талапкер Дүйшөналиевдин укугу бузулуп жатканын билдирдиТажикстанда "төңкөрүш аракети" үчүн дагы эки мурдагы күч кызматкери кармалганы белгилүү болдуОрусия Украинадагы согушка катышкан 3344 чет элдикке паспорт бердиТүркия президенти Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келдиКыргызстанда жаңы авиакомпания ачууга убактылуу чектөө киргизилди Сирия Израилдин аба соккусунан кеминде жети адам каза тапканын кабарладыАКШдагы мусулман коомчулугу Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга чакырды