Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:18

Сирия Израилдин авиа соккусунан кеминде жети адам каза тапканын кабарлады


Дамаск.
Дамаск.

Сирияда 8-октябрдын кечинде авиа чабуулдан кеминде жети киши каза болгонун, дагы 11 киши жараат алганын, арасында балдар жана аялдар бар экенин өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.

Кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Сириянын адам укуктары боюнча борбору (Syrian Observatory for Human Rights, SOHR) каза тапкандар тогуз киши экенин, алардын бешөө жайкын тургун болгонун жазды.

Сирия бийлиги сокку эл жыш отурукташкан Маззе районундагы жайкын тургундар жашаган үйгө жана коммерциялык имаратка урулганын, үч ракета түшкөнүн айтып, бул чабуул үчүн Израилди айыптады.

SOHR маалымдагандай, сокку Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» жана «Хезболла» (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) менен байланышы бар имаратка урулду.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

AFP окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялады. Андан өрттөнүп жаткан имаратты көрүүгө болот.

Ирандык жалпыга маалымдоо каражаттары чабуул болгон жер аркылуу өтүүчү жолдун боюнда Ирандын элчилиги жайгашканын, быйыл апрелде Израил ал жакка да сокку урганын жазышты.

Израил Дамасктын соңку билдирүүсүнө байланыштуу комментарий бере элек.

Бир жыл мурдагы кандуу кол салуудан кийин Израил АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАСка, “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. (RK

XS
SM
MD
LG