Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:12

Кыргызстанда жаңы авиакомпания ачууга убактылуу чектөө киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңы авиакомпания ачууга убактылуу чектөө киргизилди. Бүгүн 4-ноябрда президент Садыр Жапаров "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чектөөнүн максаты өлкөнүн авиациялык системасын чыңдоо, ишинин ачык-айкындуулугун, ишенимдүүлүгүн жана эл аралык талаптарга шайкештигин арттыруу экени белгиленди.

Жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга президенттин тиешелүү чечими чыкканга чейин сертификат берүүгө, каттоого тыюу салынат. Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги чет өлкөлөргө каттаган, ошондой эле учактары Кыргызстандын аэропортторунда бир айдан ашык турбаган авиакомпаниялардын ишин текшерип чыгууга милдеттүү болот.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келбеген авиакомпаниялардын эксплуатантынын каттоосун жана сертификатын жокко чыгарсын", - деп белгиленди президенттин жарлыгында.

Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин быйылкы жылдын 1-октябрына карата маалыматына караганда, өлкөдө жүргүнчү ташыган 6, жүк ташыган жана атайын колдонуудагы 12 авиакомпаниянын расмий каттоосу бар. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG