Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:25

АКШдагы мусулман коомчулугу Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга чакырды


Камала Харрис
Камала Харрис

Америкадагы мусулман жана араб коомчулуктарынын лидерлери АКШнын вице-президенти, демократтардан президенттикке талапкер Камала Харристен Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга аракет кылууну өтүнүштү.

CNN жазгандай, Мичиган штатында өткөн жолугушууда алар "Израилге колдоону токтотуп, Газа тилкесинде согушту эртерээк токтотууну талап кылганын" Emgage Action тобунун жетекчиси Ваэль Альзаят билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Харрис "эч кандай убада берген эмес, бирок өзү дагы согуштун токтошун кааларын, бул багытта колдон келгендин баарын жасай турганын" айткан.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алардын баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

Израилдин “Хезболла” менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган. Мындай жагдай жалпы Жакынкы Чыгышта абал курчушу ыктымал деген кооптонууну жараткан.

Ливан өкмөтүнүн расмий маалыматына караганда, бир жылдан берки атышуулардан бул өлкөдө 1900дөй адамдын өмүрү кыйылды, алардын көбү соңку апталарда каза болгондор.

“Хезболланы” АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Reuters агенттиги 5-октябрда Израилдин аскерлери Ливандын түндүгүндөгү Триполи шаарына биринчи жолу сокку урганын жазды. Агенттикке маалымат берген булак соккудан АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун мүчөсү жубайы жана эки баласы менен мүрт кеткенин айткан.

Al Jazeera соккудан ХАМАСтын аскердик канатынын лидерлеринин бири Саид Аталла өлтүрүлгөнүн, Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Саид Аталланын Беддави палестиналык качкындар лагериндеги үйүн бутага алганын билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG