Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-ноябрда Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын өзгөртүп, эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын уулу Руслан Бекназаров билдирип, атасынын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү бергенин айтты.
Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы УКМКнын тергөөчүсүнүн саясатчыны үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылып, эч жакка чыкпоо тил каты менен чыгарылганын кабарлады.
Райондук сот Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын 1-ноябрда карап, камактагы мөөнөтүн 2-январга чейин узарткан.
Атайын кызмат 12-сентябрда Азимбек Бекназаров “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганын билдирген.
Саясатчы буга чейинки сот отурумдарында кармалышын саясий негизде деп эсептей турганын айткан.
Азимбек Бекназаров абактан президентке кат жазып, 2010-жылы Апрель окуясынан кийин 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты убагында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия, Башкы прокуратура текшерип, мыйзам бузуу аныкталбаганын кабарлаган.
68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматтарын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан.
Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазып, соттук териштирүү 6-августтан бери өтүп жатат. (BTo)
Дагы караңыз
Нурлан Мотуев үй камагына чыкканы белгилүү болду Молдовада евроинтеграцияны жактаган Санду экинчи мөөнөткө шайланды“ПолитКлиника” белгисиз адамдар кызматкерлеринин маалыматын чогултуп жатканын билдирдиСоцтармактагы билдирүүсү үчүн кармалган Орозбеков 1-январга чейин камалдыБишкектеги “Кыргыз камвол-нооту комбинаты” сатылганы белгилүү болдуАкын Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейи оңдолуп, кайра ачылды Алмамбет Салиев кийинки жылдын 4-январына чейин камакта калды