Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Бишкектеги “Кыргыз камвол-нооту комбинаты” сатылганы белгилүү болду


“Кыргыз камвол-нооту комбинаты” ачык акционердик коому.
“Кыргыз камвол-нооту комбинаты” ачык акционердик коому.

“Кыргыз камвол-нооту комбинаты” ачык акционердик коому 1 млрд 777 млн сомго сатылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, ишкананы сатуу боюнча аукцион 30-майда жарыяланып, баштапкы баасы 1 млрд 767 млн сом деп бааланган.

Бишкек шаарынын Шабдан Баатыр көчөсү, 126 дарегинде жайгашкан үч административдик имарат, көмөк чордон, бомбадан баш калкалоочу жай жана башка имараттар быйыл 12-июнда сатылган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик “Кыргыз камвол-нооту комбинатын” кайсы компания алганын ачык жарыялаган жок.

Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык реестрде аталган даректе “Тарим трэйд” аттуу компания жайгашканы көрсөтүлгөн.

31-октябрда “Клооп” жана журналист Болот Темиров Бишкектеги “Мадина” базары жөнүндө биргелешкен иликтөө чыгарышкан. Иликтөөчүлөр өз материалдарында кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөндөн кийин ага байланыштуу кармалган ишкер Турсунтай Салимовдун “Мадина” базары жана анын жанындагы 32 гектардай жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткенин белгилешкен.

Иликтөөдө “Мадина” базары 2024-жылдын август айында Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупциялык иштер боюнча журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык, уйгур тектүү бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын уулунун “Тарим трэйд” ишканасына өткөнү айтылат.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооп” басылмасынын, журналист Болот Темировдун иликтөөлөрүн “каралоо” деп баалаган.

УКМК 2023-жылы “Кыргыз камвол-нооту комбинаты” ачык акционердик коому 4,1 гектар жери менен малекетке алынганын, мүлк убагында жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирген. (BTo/AiB)

XS
SM
MD
LG