Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Алмамбет Салиев кийинки жылдын 4-январына чейин камакта калды


Алмамбет Салиев.
Алмамбет Салиев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевди 2025-жылдын 4-январына чейин камакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери аны быйыл сентябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып таккан.

Атайын кызмат Алмамбет Салиевдин кармалышы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Анын адвокаты жана жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

УКМК Салиевге 2021-жылы 16-июнда “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып коюп, кармаган. Ал Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган. Алмамбет Салиев коюлган айыптарды четке каккан.

Ошол жылы 2-декабрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен ал чет жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде атайын кызматтын тергөө абагынан бошотулган.

Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын аягынан 2020-жылдагы Октябрь окуяларына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине “бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт” деген сын-доомат айтылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG