Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:25

Соцтармактагы билдирүүсү үчүн кармалган Орозбеков 1-январга чейин камалды


Сүрөт Айтилек Орозбековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Айтилек Орозбековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн кармалган Айтилек Орозбеков 2025-жылдын 1-январына чейин камакка алынганын билдирди. Анын бөгөт чарасы 2-ноябрда каралган. Айтилек Орозбековду камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен айып тагылууда. Бул берене менен күнөөлүү деп табылган адам 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айыпка жыгылып, же үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Айтилек Орозбеков кармалганын анын адвокаты Исмаил Каримжанов 2-ноябрда “Азаттыкка” билдирген. Ал активист коюлган айыпты мойнуна албай турганын жана “эч кандай чакырык кылган эмесмин” деп айтканын кабарлаган.

Айтилек Орозбековдун досумун деп тааныштырып, атын ачык айтпоону суранган адам ал TikTok социалдык түйүнүндөгү видеого байланыштуу кармалганын айткан. TikTok Кыргызстанда быйыл апрелде бөгөттөлгөн.

Атайын кызмат Орозбековго коюлган айып жана козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.

Айтилек Орозбековдун жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы болуп иштеген.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып келет.

“Азаттык” былтыр декабрь айында 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул адамдын тизмесин жарыялаган. Иш ачылгандардын арасында 70 жаштагы байбичеден тарта 20 жаштагы студентке чейин бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG