"3 млн долларды өзүнө алган". Президенттин администрациясы Аспековго жооп берди

Мелис Аспеков, Дайырбек Орунбеков. Коллаж.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков камакта жаткан активист Мелис Аспековдун видео кайрылуусуна жооп берди. Анда Аспеков 2020-жылы бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алганын, ал каражатты өзү пайдаланганын айткан.

Социалдык тармакта соңку күндөрү талкуудан түшпөй жаткан бул маселе бийликтин маалыматтык саясатын күн тартибине чыгарды дегендер да бар.

Абактагы Мелис Аспековдун видео кайрылууларынын тегерегиндеги талкуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун жообунан кийин кайра жанданды.

Орунбековдун билдирүүсүндө 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин президенттик шайлоого даярдык башталганда Мелис Аспеков “шайлоого керек деген шылтоо менен бир топ аткаминерден, бизнесмендерден акча алып жүргөнүн” Садыр Жапаров билип калып эки жолу эскертүү бергени айтылат.

“Мелис Аспеков видеолорунда чындыкты жарым-жартылай айтып атат. Ал чындап эле Райым Матраимовдон 3 миллион доллар алган. Бирок Садыр Жапаровго да, башкасына да берген эмес. Райым Матраимов Мелис Аспеков андан алган акчаны эч кимге бербей, өзүнө алганын, Садыр Жапаров эч кимден акча талап кылбаганын жана өзүн Мелис алдап кеткенин билип калып “Мелис акчаны кайра кайтаргын” деп Аспековдон акчасын доолай баштаган. Ал кезде Матраимов да камала элек, мыйзамдагы ууру аталган кримавторитет Камчы Көлбаев да тирүү болчу. Алардан коркуп өзүн акташ жана жанын сакташ үчүн Мелис Аспеков “акчаларды Садыр Жапаровго бердим” деген өлармандык сценарийди ойлоп тапкан. Ишенимдүү болсун деген ой менен мына мен ачык айтып чыгам деп коомчулукка калптарын айтып баштаган жана азыр дагы ал калпын улантууда.”, - деп жазды ал.

Аспековдун талкууга түшкөн билдирүүсү

№3 түзөтүү колониясында жаткан Мелис Аспековдун Бишкектеги №1 тергөө абагында тартылган делген видеосун АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Күрөңов) Фейсбук баракчасына 30-октябрда жарыяланган. Чуулгандуу видео качан жана аны ким тартканы белгисиз.

Ал 2020-жылы Октябрь окуяларында Бишкекте башка саясий күчтөргө каршы митинг өткөрүү үчүн Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон алынды делген каражат тууралуу айткан:

“Биринчи 1,5 миллионду Матраимов төрткө бөлүп берди. Биринчи 200 миң, андан кийин 400 миң, 700 миң, кийин калганын берген. Матраимов эки күндүн ичинде ал акчаны толугу менен берди. Биринчи бергендерин ошол бойдон Садыр Жапаровго алып келип берип жаттым. Ал акчаларды Баткенге, Ошко, Жалал-Абадга, Ысык-Көлгө, жети дубандын баарына жиберип жатышты”, - деп айткан Аспеков.

Дагы караңыз "Салимбай байбачаны" Кыргызстан менен эмне байланыштырат?

Видеонун кийинки бөлүмдөрүндө ал 2023-2024-жылдардагы окуяларга: кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) УКМКнын атайын операциясында жок кылынганына, Райымбек Матраимовдун Бакудан кармалып, Бишкекке жеткирилгенине токтолгон.

Мелис Аспековдун абактан жазган ушундай эле мазмундагы каты сентябрь айында да жарыяланып, ал бул боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнүп, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Камчыбек Ташиев бул кат боюнча 7tv.kg сайтына чакан маек берип, “Раим “Мелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат”, - деп жооп бергенин билдирген.

Аспеков акча алганын айтып жаткан Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов азыр абакта. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган.

Матраимовдор Аспеков айткан маселе боюнча комментарий бере элек.

"Бийлик комиссия түзүп, айтылгандарды текшериши керек"

Журналист Канышай Мамыркулова кызуу талкууга түшкөн бул маселе бийликтин маалыматтык саясатына көңүл бурдурганын айтууда.

“Бул окуянын артынан иликтейби, жокпу, аны бийлик чечет. Анын жүрөрү күмөн. Менин таң калганым, маалымат катчынын ушул кырдаалдагы берген жообу болду. Ошол президенттин башын “таза алып кете турган” катчы болушу керек эле. Бул жерде тескерисинче анын “башын баталгага коюп берип” жатпайбы. Бул жагдайга байланыштуу оорураак кырдаал болуп калды. Анткени абакта отурган адам президентти олуттуу айыптап, мамлекет башчынын катчысы анын сөзүн жарым-жартылай тастыктап берип жатат. Кандай болорун эми коомчулук көрөт”.

Жарандык активист Айбек Теңизбай кайрылууда айтылгандар боюнча комиссия түзүү керек деген пикирде.

“Бул абалдан чыгуунун бир эле жолу бийлик көз карандысыз комиссия түзүп, Аспековдун кайрылуусунда айтылгандардын чын-төгүнүн териштирип чыгышы керек. Бийлик дагы бул видеодогу сөздөргө жакшылап жооп бериши абзел”.

Социалдык тармактагы талкууларда айрымдар Мелис Аспековдун буга чейинки бейнесине кайрылып, анын чуулгандуу иштерде аты аталганын эске салууда. Алардын бири журналист Мырзакат Тыналиев кайрылууда айтылгандарды талдабай эле ага ишенип жаткандар бар экенин белгиледи.

“Мелис Аспековду коомчулук жакшы эле билип калбадыбы. Анын репутациясы боюнча маселе буга чейин эле болгон, анын калп айтып ийген учурлары бар. Анын айткандарына ишенип-ишенбөө адамдын маалыматты талдай кабыл алганына байланыштуу. Мен анын репутациясын билгеним үчүн айткандарына ынанган жокмун”.

Дагы караңыз Абактагы Аспековдун талаштуу видеосу, ага бийликтин жообу

Мелис Аспеков ким?

Аспеков бир нече жылдан бери Кыргызстандагы саясий иштерге катышып келет. Ошол эле учурда чуулгандуу иштерде да аты аталып келген активист катары белгилүү. Ал 2017-жылы да бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деген шек менен камакка алынган эле.

Ал бир топ жыл Садыр Жапаровду да колдоп келген. 2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда Жапаровду жандап жүрүп, анын жакын адамдарынын бири катары белгилүү болгон. Президенттик шайлоо учурунда элди Садыр Жапаровго добуш берүүгө чакырып, Чүй облусунун аймагында бир катар жолугушууларды өткөргөн.

Аспеков 2021-жылдын башында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Кийин ал иш боюнча "15 миң долларды мыйзамсыз алып, Кара-Балта шаарындагы батирди кайра саткан” деген айып тагылып, “Алдамчылык” беренеси да кошулган.

Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, “саясий негизде иш козголгонун” билдирип келген. Президент Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан.

2022-жылы март айында Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Ошол жылы июлда Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, Аспековду “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп таап, жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берген эмес. Судья анын алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

Активист 2023-жылы май айында президенттин ырайымынын негизинде абактан бошотулган. Кийин ал Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, “пара катары берилди” деген акча өзүнүн каражаты болгонун билдирген жана аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кайра кайтарып бергенин жазган. Атайын кызмат муну төгүндөгөн.

2023-жылы сентябрь айында социалдык тармактарда Аспековго байланыштуу деген аудио жарыяланган. Мунун артынан Ички иштер министрлиги (ИИМ) аны кайра кармаган. Бул жолкусунда Аспеков жети жылга соттолгон. Ошондон бери камакта отурат.