Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Ош: Матраимовдордун мамлекетке алынган мүлкү


Матраимовдордун мүлкү

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, учурда тергөө абагында отурган Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын Оштогу бир нече мүлкү мамлекетке кайтарылды. Анын арасында "Эрем", "Динамо" спорт клубдары да бар. Жергиликтүү бийлик аларды кандай  багытта иштетерин азырынча ачыктай элек.

Мэрияга өткөн беш мүлк

Мамлекеттик мүлк фонду Ошто Матраимовдорго тиешелүү делген беш кыймылсыз мүлктү шаардык мэриянын карамагына өткөрүп бергени белгилүү болду. 29-августта шаардык кеңештин сессиясында мүлктү муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүү чечими кабыл алынды.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев буларды билдирди:

Дастан Мурзалиев
Дастан Мурзалиев

"Мүлк фондунун карамагында турган "Динамо" спорт комплексиндеги эки жер тилкеси менен, тагыраагы, Спорт көчөсүндөгү 511 чарчы метрден ашык күрөш залы, ушул эле көчөдө 2280 чарчы метр болгон жер аянты. Жалпы беш мүлкү биздин карамагыбызга алынды".

"Азаттык" тактагандай, Мүлк фондунун карамагына алынган Матраимовдорго таандык объектилердин катарында “Эрем”, “Динамо” спорт клубдарынан тышкары, Ош шаарынын "Мээрим" эс алуу жайына жакын жайгашкан жердеги спорт аянтчасы, эки жер тилкеси бар экени белгилүү болду.

Матраимовдорго таандык деген "Динамо" спорт клубу
Матраимовдорго таандык деген "Динамо" спорт клубу

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков кайтарылган жерлердин арасында социалдык багыттагы жер тилкелер бар экенин маалымдады:

"Мүлктүн ичинде социалдык маанидеги жер тилкелер да бар. Алардын баары мыйзамсыз менчиктештирүүгө кеткен. Мына мен депутат болуп келгенден бери көрүп жатам. Мисалы, канчалаган бала бакчалардын жерлери жеке колдорго өтүп кеткен. Эми алардын баарынын кайтарылып жатканын колдойм".

 Ош: Матраимовдун үйү турган жер тилкеси мамлекетке алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:54 0:00


Ачык булактардагы маалыматтарда “Эрем” спорт клубу Руслан Матраимовго катталганы көргөзүлгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ушул жылдын 8-февралында Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирген. Мунун ичинде Бишкекте жана Ош шаарында жайгашкан турак жайлар, коммерциялык имараттар бар экени айтылган.

Мамлекетке өткөн мүлк эмне болот?

Шаардык мэриянын карамагына өткөрүлгөн мүлктү жергиликтүү бийлик кандай багытта иштетерин азырынча ачык айта элек.

Мэриянын дене тарбия жана спорт комитети кайтарылган спорттук имараттарды ушул багыт боюнча иштетүүнү сунуштоодо:

"Бизге спорт залдардын, комплекстердин көп болгону жакшы. Биздин карамагыбызга берсе, иштетет элек. Азырынча өткөрүп берүү жагы карала элек. Спорт багыты боюнча иштетип, кошумча спорттун түрлөрүн киргизет элек", - деди Дене тарбия спорт комитетинин башчысынын орун басары Мурат Омошов.

Оштогу Матраимовдорго тиешелүү болгон футбол аянты
Оштогу Матраимовдорго тиешелүү болгон футбол аянты

Жергиликтүү активист Улан Канат уулу Матраимовдун мүлкүн кайтарып алууда мыйзамдык маселелерге көңүл бурууга чакырууда:

Улан Канат уулу
Улан Канат уулу

"Негизинен алганда муну саясий күрөш деп ойлойм. Матраимовду таза, ак деп айтпайм, анткени ал күнөөсүн моюнуна алган. Азыркы жетекчилер алмашкан учурда алар кийинки келген бийлик менен тил табышып, "менин мүлкүмдү мыйзамсыз алып койгон" деп доомат койбошу үчүн мүлктү алуу жолу да мыйзамга негизделип, кийин доомат артпай тургандай болуш керек”.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилген.

Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовду 1 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ош облустук соту 6-августта Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Ал ошол күнү 300 миң сом төлөөгө милдеттенме алып, абактан чыккан.

"Матраимов-Көлбаевге тиешеси бар 100дөн ашык бажычы иштен алынды"
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:57 0:00

Руслан жана Исламбек Матраимовдордун бөгөт чарасын Ош шаардык соту караган. Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту ага-ининин ар бирине 50 миӊ сомдон айып пул салганы августта белгилүү болгон. Алардын тергөө абагынан качан чыкканы тууралуу маалымат жок. Иш эмне себептен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна которулганы да беймаалым бойдон калган.

Биринчи май райондук соту Матраимовдун ишин караганын ырастап, Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуу түрлөрү” жана “Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш” беренелери менен күнөөлүү деп табылганын, тергөө маалында прокуратура менен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүшкөнүн билдирген.

“Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинин ("Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо") талаптарына ылайык, адам күнөөнү мойнуна алуу боюнча келишим түзгөндө жана келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөгөндө, сот адам күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу өлчөмүнүн чегинде эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындайт. Эгерде берененин санкциясында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалар жок болсо, адамды күнөөлүү деп тапкан берене менен каралган эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын эң төмөнкү мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес мөөнөткө дайындалат”, - деп айтылат соттун 26-августта берген маалыматында.

Оштогу мамлекетке өткөн "Эрем" спорт клубу
Оштогу мамлекетке өткөн "Эрем" спорт клубу

Ал эми Райымбек Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен айыпталып, 26-мартта Бакудан кармалып келгенден бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында абакта отурат.

Августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартканын жарыялады.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбекти) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл 16-майда Кара-Суу шаарында сүйлөгөн сөзүндө парламентти Матраимовго байланышы бар адамдардан “тазалоо” иштери аяктаганын, бирок алар мамлекеттик кызматтарда дагы деле бар экенин билдирген. Матраимов мамлекетке 200 млн доллар бериши керек экенин айткан. Бирок бул каражат кандай эсептелгенин жана аны төлөсө Матраимовго козголгон кылмыш ишке кандай таасир этерин тактаган эмес:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Биз Райымбек Матраимовдорду биринчи кармаганда 2 млрд 200 млн сом төгүп чыгышкан. Ошондо “мындан ары криминалдык аракеттерди жасабагыла, бандиттерге кошулбагыла, мамлекетти талап-тонобогула, Бажы кызматына жарым кадам да жакындабайсың” деп жеке өзүм шарт койгом. “Макул” деп кетишкен. Анан эмне болду? Жарым жыл, бир жыл карадык, кайра эле баштап, бажыга отуруп алышты. Бажыдагы кадрлары аркылуу мурдагыдан да көп уурдай баштады. Бандиттер менен дос болуп кетишти. Ысык-Көлдөгү "мыйзамдагы ууру" Көлбаев менен кошулуп алып, ишкерлердин баарын коркутуп-үркүтүштү. Алардан акчасын алып, коркута башташты. Биз анан чара көргөнгө мажбур болдук. Бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар “илинген”. Бул деген 19-20 млрд сомго жакын акча”.

Ташиев Матраимовдор менен байланышта болгон адамдарды парламенттен жана мамлекеттик мекемелерден тазалап жатканын, бирок андай адамдар дагы деле бар экенин, алар менен күрөшүүгө губернатор, аким баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кол кабыш кылышы зарыл экенин кошумчалаган.

Апрель айынын башында Матраимовдун 60 млн долларга жакын мүлкү мамлекетке өткөнү, анын ичинен бир кеңсеси 1 млрд 400 млн сомдон ашуун акчага сатылганы кабарланган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги быйыл жазында Райымбек Матраимовдон мамлекетке алынган төрт кыймылсыз мүлктү сатыкка чыгарганын жарыялады.

Алардын бири - Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги “Эгиз мунара” деп таанылган имараттын 14-кабатында жайгашкан жалпы аянты 773,8 чарчы метрди ээлеген эмеректери менен кеңсе. Мындан сырткары, Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан жалпы аянты 5085 чарчы метрди түзгөн коммерциялык имараттар бар. Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 1400 чарчы метр коммерциялык имарат жана Ибраимов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2300,71 чарчы метрди түзгөн коммерциялык жай дагы аукционго коюлган.

XS
SM
MD
LG