АКШнын, Улуу Британиянын жана Австралиянын Кыргызстандагы элчиликтери кыргыз бийлигин көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоого жана кесиптик ишмердигин толук кандуу аткаруу үчүн журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Бул тууралуу үч өлкөнүн элчиликтеринин 2-ноябрь журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүнө байланыштуу биргелешкен кайрылуусунда айтылат.
“Кыргызстанда соңку кездери журналисттерди жөн гана өз жумушун аткарганы үчүн кармоо, аларга каршы козголгон кылмыш иштеринин көбөйүшү, ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн маалымат сайттарды жабуу жана медиа уюмдарды жоюу боюнча чечимдери бизди тынчсыздандырууда”, - деп айтылат билдирүүдө.
Үч өлкөнүн Кыргызстандагы элчиликтери эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттары демократия үчүн жана мыйзам үстөмдүгүн сактоодо маанилүү экенин эске салышты.
Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.
“Алга Медианы” иштетип келген Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган.
Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.
11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.
16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.
Айып коюлган журналисттер тагылган кинени четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.
Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул документтин авторлору Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова.
“Фейктер жөнүндө” деген атка конгон мыйзам сунушталып, кабыл алынгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып келет. Айрымдар мыйзам азыркы мазмунунда фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын айтып келет.
Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган жалпыга маалымдоо каражатын соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет.
Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (BTo)
Дагы караңыз
Министр Бейшеналиев лицензиясы жок клиникаларды текшере албай жатышканын айтты1-ноябрь: Активист айыпка жыгылды, Испанияда селден өлгөндөр 200дөн аштыИспанияда селден каза болгондор кеминде 205ке жеттиМакрон Молдова элин Еврошаркетке карай жолун улантууга чакырдыГрузияда кармалган азери журналистинин камак мөөнөтү узартылдыСербияда вокзалдын чатыры урап, адамдар каза болду