31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотту. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы сот залынан билдирди.
“Сот бүгүн туура чечим чыгарды. Мен бийликти күч менен басып алууга, элди массалык башаламандыкка чакырган эмесмин. Андай оюм да болгон эмес”, – деди Жоомарт Карабаев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.
Анын иши 8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштаган. Жоомарт Карабаев коюлган айыптарды четке кагып келет. Ал 18-сентябрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан кат жазып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирген. Атайын кызмат бул арыз-даттануулар тууралуу комментарий бере элек.
“Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкеринин арызын Аскер прокуратурасы териштирип жатканын билдирген.
Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.
Ал Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып турган. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес. (BTo/MKt)
Дагы караңыз
Нурлан Мотуев улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалдыИспаниянын Валенсия аймагында селден каза болгондор 95 кишиге жеттиДепутаттар убактылуу автобекетте шарт жок экенин айтып, сынга алыштыШаардык сот эки журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды караган жок2024-жылы Орусиянын абактарынан 77 кыргызстандык мекенине өткөрүлдүЖумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө жүздөн ашык киши, 9 дрон тартылды30-октябрь: Кытай туристтерге 21 күн визасыз режим, орус оппозициясы Путинди кетирүү аракетин баштады