Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:27

2024-жылы Орусиянын абактарынан 77 кыргызстандык мекенине өткөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москва шаарында 29-октябрда Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев менен Орусиянын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Петр Серков жана юстиция министри Константин Чуйченко жолугушуу өткөрдү.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Тараптар 1998-жылдагы Кылмышкерлерди өткөрүп берүү тууралуу КМШ Конвенциясынын жоболорунун аткарылышын талкуулашкан. Учурда Орусиянын абактарында 1370 кыргызстандык бар экени, соңку учурда бул көрсөткүч көбөйүп жатканы айтылды.

2024-жылы Орусия абактарынан 77 кыргыз жараны өткөрүлүп берилсе, дагы 56 кишини мекенине кайтаруу боюнча иш жүрүп жатканы белгилүү болду. Абакта жаткан кыргызстандыктардын укугун коргоо боюнча талкуулашты.

Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 411 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктардын маселеси парламентте бир нече жолу көтөрүлдү.

“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктады. Алардын 25и Кыргызстандын жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийин кыргыз жарандыгынан баш тарткан. Арасында киши өлтүрүү, маңзат деген сыяктуу оор кылмыштар менен кесилип, түрмөдө отурган жеринен согушка айдалгандар да бар. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG