“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимова уулу ушул жылдын июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Имамидин Ташовдун иши боюнча соттук отурумдан кийин айтты.
“Уулумду ток менен тарттырып, сабашыптыр. Бизге болсо көрсөтүшкөн жок. Кийин ооруканага жатты деп уктук. Кайсы ооруканага жатканын да билген жокпуз. Бир ай тамак да киргизе алган жокпуз. Ушундай кыйноолорго туш болуптур”, - деди ал.
Ташов тергөө абагында отурган маалда ооруканага жатканы тууралуу маалымат буга чейин чыккан эмес. Апасы уулу качан ооруканага түшкөнүн так айткан жок.
Ташов кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган. Сентябрь айында Ташовдун укугун коргогон адвокаттар алмашкан.
Ишкер бүгүн сот залынан чыгып баратып, журналисттердин “ошол кат өзүңүздүкүбү?” деген суроосуна “ооба” деди. Бирок кыйноого кабылганы тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берген жок.
УКМК, Жаза аткаруу кызматы бул тууралуу комментарий бере элек. "Азаттык" аларга комментарий сурап кыйрылды.
Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Ташовго бүгүн жолукканын билдирди. Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү буга чейин ага жолугуп чыкканын, толук маалыматты алдыдагы күндөрү берерин маалымдады.
29-октябрда Биринчи май райондук сотунда прокурор айыптоо актысын окуп, Имамидин Ташов “бийликти күч менен басып алууга аракет кылганын” айтты. Шектүү коюлган кинелерди четке какты. Кийинки соттук отурум 12-ноябрга белгиленди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Сот аны атайын кызматтын тергөө абагына камакка алгандан бери бөгөт чарасын узартып келатат.
УКМК Имамидин Ташов “бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган” деп маалымдаган.
Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде 2023-жылы октябрда да кармалып, 52 млн сом төлөп бергенден кийин ошол эле жылы 8-декабрда үй камагына чыккан.
2024-жылы 9-январда социалдык тармактарга анын видео кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.
Бир күндөн кийин, 10-январда атайын кызмат Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Имамидин Ташов издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.
Ишкер УКМКнын маалыматтарынан кийин кайрадан кайрылуу жасап, коюлган айыптарды четке кагып, ал ээлик кылган компания баштаган курулуштарды аягына чыгарып берүүгө аракет кылып жатканын айткан.
“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 2021-жылы президенттик шайлоого катышкан. (BTo/MKt)
Дагы караңыз
"Хезболла" Насралланын ордуна Кассем дайындалганын жарыяладыЧеченстан согуш башталгандан бери биринчи жолу дрон чабуулуна кабылдыУКМК мэрияга өткөн “Оберон” базарлары боюнча маалымат бердиТүштүк Корея Москва жана Пхеньян кызматташтыгын "чоң коркунуч" деп атадыИранда теги ирандык немис жараны өлүм жазасына тартылдыМинистр Бакетаев коррупциядан бюджетке 46 млрд сом өндүрүлгөнүн айттыЕвропарламент азери бийлигин "репрессияны" токтотууга чакырдыУкраинада Орусиянын соккусунан кеминде төрт киши каза болду, ондогону жараат алдыТоктогул суу сактагычына 13,201 млрд метр куб суу топтолду