Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:54

Түштүк Корея Москва жана Пхеньян кызматташтыгын "чоң коркунуч" деп атады


Юн Сок Ёл.
Юн Сок Ёл.

Москва менен Пхеньян ортосунда бекемделип бараткан аскердик кызматташтык глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратууда. Мындай пикирин 29-октябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл билдирди.

Өкмөт жыйынында сүйлөп жатып ал ыктымал жооп чаралары кандай болушу керектигин талкуулоо, андайга даяр туруу зарыл экенин айтты.

"Украинадагы согуш үчүнчү жыл уланып жаткан чакта Түндүк Кореянын Орусия менен кызматташтыгы курал-жарак берүүдөн эми аскер жөнөтүүгө өттү. Алардын мындай мыйзамсыз аскердик кызматташтыгы жалпы эл аралык коомчулуктун коопсуздугуна олуттуу коркунуч жана биздин улуттук коопсуздукка чоң коркунуч жаратууда", - деди Түштүк Корея президенти.

Түндүк кореялык аскерлерди кеме менен Орусиянын чыгыш аймагына жөнөтүп жатышканын алгач Сеул айтып чыккан. Кийин бул маалыматты АКШ, НАТО, Украина да тастыктап, сөз 10 миң аскер кызматкери тууралуу болуп жатканын, алардын айрымдары Украина менен чектеш тилкедеги Курск аймагына жеткенин белгилешкен.

Курал-жарак импорттоочу алдыңкы өлкөлөрдүн бири Түштүк Корея Украинага курал сатуудан буга чейин өзүнүн ички саясатына байланыштуу баш тартып келген. Эми бул саясатын кайра карап чыгууга даярдыгын билдирүүдө.

Юн Сок Ёл 28-октябрда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен телефондон сүйлөшүп, абалды "оор" деп мүнөздөдү.

Түндүк Корея Орусияга аскер жөнөткөнүн танууда, бирок эгер ошондой болгон күндө да эл аралык нормаларга каршы келбей турганын билдирүүдө.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде, аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунун айрым айыл-кыштактарын азыркы тапта украин аскерлери ээлеп турат. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да сездирүү экенин белгилеген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG