Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:21

Чеченстан согуш башталгандан бери биринчи жолу дрон чабуулуна кабылды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Гудермес шаарындагы "Орусиянын атайын бөлүктөр университети" деп аталган жайдын имаратына "абадан учкучсуз учак чабуулу жасалганын" 29-октябрда билдирди. Аталган шаар Орусиянын курамындагы бул республиканын борбор калаасы Грозныйдан 40 чакырым аралыкта жайгашкан.

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Чеченстандын аймагына дрон чабуулу коюлган окуя буга чейин каттала элек болчу.

Кадыров Telegram каналына жазгандай, чабуул 29-октябрда эртең менен болду, натыйжада “окуу жайдын бош турган имаратынын чатыры күйдү”, эч ким жабыркаган жок, өрт өчүрүлдү.

Орусиянын аймагы Украинанын дрон чабуулдарына соңку кезде көбүрөөк кабылууда. Чеченстан Украинадан 500 чакырымдай аралыкта жайгашкан. Азырынча украин тарап Кадыровдун билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

"Орусиянын атайын бөлүктөр университети" деп аталган жай 2013-жылы ачылган. Ага орус президенти Владимир Путиндин ысымы ыйгарылган. Чеченстандын жетекчилигинин маалыматына караганда, согуш башталгандан бери ал жерде миңдеген киши аскердик даярдыктан өтүп, майданга жөнөтүлгөн.

Кадыров 16 жаштагы уулу Адамды бул жайдын куратору кылып дайындаганы быйыл апрель айында маалымдалган. (RK)

XS
SM
MD
LG