НАТО Орусия Курскиге түндүк кореялык аскерлерди жайгаштырганын ырастады

Марк Рютте.

Түндүк Кореянын аскерлери Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусуна жеткени анык экенин НАТО тастыктайт. Бул тууралуу 28-октябрда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте билдирди.

Рютте мындай кадамды Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушундагы “олуттуу эскалация” деп атады жана орус президенти Владимир Путиндин согушта 600 миңден ашуун аскерин жоготкондон кийин “айласы куруп жаткандыгынын” белгиси экенин айтты.

Украинанын Аскердик чалгын кызматы түндүк кореялык аскерлердин алгачкы бөлүктөрү Орусиянын Курск облусуна жайгаштырылганын 24-октябрда маалымдаган.

Кошмо Штаттар Түндүк Корея Орусияга 3 миң аскерин жөнөткөнүн билдирген жана Москвага согушууга түздөн-түз жардам көрсөтүп жатканы үчүн Пхеньян тийиштүү кесепеттерге кабылышы ыктымал экенин эскерткен.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде, аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунун айрым айыл-кыштактарын азыркы тапта украин аскерлери ээлеп турат. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да сездирүү экенин белгилеген. (RK)

Дагы караңыз

"Мыкаачылык менен өлтүргөн кишиге 15 жыл берип койду". Рахиманын иши, сот өкүмүнө нааразылык Кыргызстанда 16 жолу соттолгон Маратов Каирден кармалдыТөө-Ашуу, Өтмөктө оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилдиЫсык-Көлдө суу сактагычтарды азайтып, көлдүн суусун көбөйтүү сунушталды